Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

15 КАЧКЫНДЫН ТАГДЫРЫ ЧЕЧИЛГЕНИ КАЛДЫ


Азиза Турдуева, Бишкек Август айынын башында Европанын үч өлкөсү - Нидерланды, Финляндия жана Швеция Кыргызстандагы 15 өзбек бозгунун кабыл алуу ниетин расмий билдирген ноталарын өлкөнүн тышкы иштер министрлигине жолдошкон. Кыргызстандагы бейөкмөт жана укук коргоо уюмдары өзбек качкындары үчүнчү өлкөлөргө өткөрүлүп бериилиши керек деген пикирде. Ал эми Башкы прокуратура жакынкы күндөрү 15 өзбек атуулунун тагдыры боюнча чечим жарыяланаарын билдирди.

Кыргызстандагы укук коргоочулардын көз карашында азыр Оштогу убактылуу абакта кармалып турган 15 өзбек атуулунун баары тең, өзбек тарап аларды оор кылмыштарды жасагандыгында күнөөлөп жатканкандыгына карабастан, кабыл алууга даярдыгын билдирген Швеция, Нидерланды жана Финляндия өлкөлөрүнө өткөрүлүп берилиши керек. Буга чейин «Адам жана укук» уюмунун төрагасы Сартпай Жайчыбеков Ошто сизодо оор кылмаштарда күнөөлөнүп жаткан 15 өзбек атуулуна байланыштуу башкы прокуратурага Өзбекстандан жиберилген материалдар менен таанышып чыккан. Ал ошол материалдардын негизинде 15 өзбек бозгунун кылмышкер деп айтууга негиз жок жана дегеле өзбек бийлигине аларды өткөрүп берүүгө болбостугун айтат:

- Мен көргөн материалдардын негизинде биз 15 өзбек атуулун кылмышкер деп айта албайбыз. Ал үчүн далилдүү материалдар жок. Өзбекстан кыйноолорду колдонгон өлкө болуп эсептелет. Ошондуктан, эч кандай шартта Ошто сизодо отурган өзбек атуулдарды Өзбекстанга өткөрүп берүүнүн кереги жок.

Бир катар саясий партиялар Кыргызстандагы качкындарга байланыштуу маселени чечүүдө Бириккен Улуттар Уюмунун ишин сынга алышууда. Буга байланыштуу «Эркиндик» партиясынын жетекчиси Топчубек Тургуналиев мындай дейт:

- Кыргызстандагы өзбек бозгундарына байланыштуу масени чечүүдө Бириккен Улуттар Уюмунун тиешелүү бөлүмдөрү ишти кечеңдетишүүдө. Бул уюмда атайын ушул маселелерди чечүүгө чоң өлчөмдөгү акчалар бөлүнөт. Эмне үчүн алар ушунчалык кечеңдетип жатышат, качкындарды башка өлкөлөргө өткөрүү жараяндарын? Менин оюмча, уюм өтө начар иштеп жатат.

Ал эми айрым партиялар болсо, эгерде өзбек бозгундарынын кылмыш жасагандыгы далиденсе, анда алар Өзбекстанга өткөрүлүп берилиши керек деген көз карашта турушат. Бул жөнүндө Кыргызстан демократиялык партиясынын жетекчиси Жыпар Жекшеев буларды белгилейт:

- Эгерде ошол 15 өзбек атуулунун кылмыш кылгандыгы далилденсе, алар Өзбекстанга өткөрүлүп берилиши керек. Аларга качкын макамын берип, башка өлкөгө качырып жиберишибиз керек эмес. Эгерде алардын кылмыш кылгандыгы тастыкталбаса, анда аларды эч убакта өз өлкөсүнө өткөрүп бербешибиз керек. Анткени, Өзбекстанда азыр кандай режим өкүм сүрүп жаткандыгын биз жакшы билебиз .

9-августтан бери Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча комиссарлыгынын Бишкекке келген өкүлү Оштогу СИЗОдо кармалып турган 15 качкын менен жолугушуп, аларга байланыштуу материалдарды кошумча иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө.

Баш прокурор Азимбек Бекназаровдун айтымында, Европанын үч өлкөсүнүн өкмөттөрү өзбек качкындарына качкын статусун берип, кабыл алууга даяр экендигин билдиришкен эмес:

- Бизге үч өлкөнүн өкмөттөрү азырынча өзбек атуулдарын өзбек бийлигине бербей турууну өтүнүштү. Ошондуктан, биз азыр аларды өткөрүп бербей турабыз. Эгерде ошол өлкөлөр бул атуулдарга качкын статусун берип, кабыл алабыз дешсе, анда биз аларга өткөрүп беребиз.

Буга чейин баш прокурор эгерде үчүнчү өлкөлөр БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгы тарабынан качкын макамы берилген өзбек бозгунду кабыл алууга даяр болсо алар өткөрүлүп берилет деп айткан.

Башкы прокуратуранын уюштуруу иштери жана эл аралык байланыштар боюнча башкармалагынын башчысы Сумар Насиза 17-августта «Азаттыкка» билдиргендей, жакынкы күндөрү 15 өзбек качкынына байланыштуу маселе боюнча акыркы чечим жарыяланат:

- Азыр башкы прокуратурада азыр 15 өзбек атуулуна байланыштуу чечим кабыл алуу боюнча маселе каралууда. Чечим эл аралык, эки тараптуу келишимдердин, бул атууладарга байланыштуу материалдарды иликтөөнүн негизинде кабыл алынат. Чечим жакынкы убакытта жарыяланат.

Ушул жылдын май айындагы Анжиян окуяларына байланыштуу Кыргызстанга качып келген 439 өзбек атуулунун июль айынын аягында Румынияга чыгарылгандыгын эл аралык коомчулук кыргыз өкмөтүнүн туура кадамы катары баалаган.

XS
SM
MD
LG