Түркиянын аскер жетекчилери бардык чабуулдар үчүн күрт козголоңчуларын айыптап, согушкерлердин жетекчилеринин көбү чет өлкөлөргө качып кеткендиктен, Эмгекчил партия баары бир 1990-жылдардагы кагылышууларды анчалык деңгээлде эми уюштура албай турганын айтышууда.
Катрин Майкл - Түркиянын түштүк-чыгыш тарабындагы качкындар лагеринде бир нече ай тургандан кийин 1990-жылы Америкага жер которуп кеткен. Ал азыр Вашингтондогу Күрттөрдүн укуктарын коргоо уюмунда иштейт.
- Түркиядагы күрттөр азыр ар кандай көз карашта. Айрымдары Эмгекчил партиянын эркиндик үчүн күрөшүн колдоп, Ирактагы күрттөрдөй автономия алууну каалашат. Бирок күрттөрдүн басымдуу бөлүгү согушкерлердин бейкүнөө адамдарды аябаган күрөшүнө каршы, аларды эч убакта жактабайт, - дейт Катрин.
Көпчүлүк эксперттер 1999-жылы кан төгүүнү токтотконун бир тараптуу жарыялаган күрт козголоңчуларын кандайдыр деңгээлде түрк өкмөтү өзү кайрадан козутканын белгилешет. Күрстан эмгекчил партиясы былтыр куралдуу каршылык көрсөтүүнү жандантканын жарыялап жатып, аларга соңку жылдары түрк армиясынын күрттөр жашаган аймактарда өткөргөн тынымсыз рейддери шыкак болгонуна басым жасашты. Кайрадан жаңы чабуулдарды уюштура баштаган күрттөрдүн марксисттик партиясы – түрк өкмөтү күрттөрдүн укуктарын тааныса эле куралдарын таштоого даярбыз деп жарыялашты.