Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:39

КЫТАЙ МЕНЕН ОРУСИЯ БИРГЕЛЕШКЕН АСКЕРИЙ МАШЫГУУ ӨТКӨРҮҮДӨ


Бүбүкан Досалиева, Прага шаары Бүгүн эртең менен тарыхта биринчи жолу Кытай менен Орусиянын “Тынчтык миссиясы-2005” деп аталган биргелешкен аскерий машыгуусу башталды.

Тарыхый мааниси бар машыгууну ачуу салтанаты Владивостокто болду. Эки мамлекеттин ага катышкан аскерий жетекчилери машыгуу тарыхта Орусия менен Кытайдын өз ара алакасын бекемдөөчү олуттуу учур болуп калат деп билдиришти. Алардын айтымында, машыгуу башка мамлекеттердин коопсуздугуна коркунуч келтирбейт.

Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын командачысы, генерал Юрий Балуевскийдин билдирүүсү боюнча, машыгуунун башкы максаты - эки мамлекеттин куралдуу күчтөрүнүн даярдыгын камсыз кылуу:

- Машыгуунун башкы максаты - даярдыкты камсыздоо, машыгууга катышып жаткан Кытай менен Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн азыр Азия жана Тынч океандын аймагында болуп жаткан олуттуу көрүнүштөргө каршы турууга даярдыкты камсыз кылуу жана аскердик бөлүктөрдүн күжүрмөн даярдыгын бекемдөө.

Юрий Балуевскийдин айтымында, бул машыгуу Азия, Тынч океан аймагында жана бүт дүйнө жүзүндөгү жалпы кырдаалга таасир берүүчү аракет болот. Ал эми Кытайдын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчиси, генерал-полковник Лян Гуанли кытай-орус машыгуусу БУУнун принциптерине ылайык жана террорчулук менен экстремизмге каршы күрөштүн алкагында жүргүзүлүп жаткандыгын баса белгиледи.

Машыгууга эки мамлекеттин 10 миңге жакын жоокери, 140 кемеси, суу астында жүрүүчү кайыктары жана авиациясы катышып жатат. Аны жүргүзүү үчүн Сары деңиз менен Кытайдагы Шаньдун жарым аралы тандалып алынган. Кытайдын генерал-полковниги Лян Гуанлинин айтымында, машыгуу үч баскычта болот. Алгач аскерий-саясий кеңешмелер болуп, оперативдүү аракеттер пландаштырылат. Андан кийин аскерлер белгиленген жерге жеткирилип, жайгаштырылып, аскерий аракеттер башталат. Анда үчүнчү бир мамлекетте улуттар арасында кагылышуу болсо аны кандай жол менен жөнгө салуу аракеттери такталат жана оперативдүү иш-чаралар сууда, кургак жерде жана абада болот. Аны жүргүзүүдө орустардын ТУ-22М деген алыска учуучу жана ТУ-95 деген стратегиялык бомбардировшиктери колдонулат.

Аскерий машыгууга Орусия менен Кытайдын аскерий жетекчилеринен тышкары Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин өкүлдөрү байкоо салып жатышат.

Дүйнөдөгү эки ири мамлекеттин биргелешкен аскерий машыгуу өткөрүшүнө карата көз караштар ар кыл. Кеңсеси Москвада жайгашкан маалыматты коргоо борборунун директору Иван Сафранчуктун баамында, бул Орусия менен Кытайдын катуу өнөктөш экендигин батышка көрсөтүүнүн бир аракети:

- Саясий жактан алганда бул Америка же батышка каршы багытталган аракет деп айта албайм. Бирок бул Кытай менен Орусиянын катуу өнөктөш экендигин айгинелеген көрүнүш.

Аскерий машыгуу сегиз күнгө созулат жана негизги бөлүгү 23-25-август күндөрү болот.

XS
SM
MD
LG