Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:34

КАЗАК СЕНАТЫНЫН ЖАРЫМЫ ЖАҢЫЛАНАТ


19-август, жума күнү Казакстанда парламенттин жогорку палатасы – Сенаттын жарымы жаңыланат. Алар кадимки шайлоо аркылуу эмес, жергиликтүү бийликтегилердин каалоосуна жараша тандалат. Сенатка көрсөтүлүп жаткандардын көпчүлүгү - президент Нурсултан Назарбаев жетектеген “Отан” партиясынын талапкерлери. Оппозициячыл партиялардын атынан бир да адам жок. Ошентсе да байкоочулар Сенаттын жаңы мүчөлөрү Казакстанда президенттик шайлоо качан өтөт деген маселеге таасир этиши мүмкүндүгүн, андыктан бул күнкү жараяндын саясий мааниси жогорулугун айтышууда.

Казак Сенатынын 39 мүчөсүнүн жетөөнү мыйзам боюнча президент Назарбаев дайындайт. Калган 32 орунду 14 облустан жана Алматы менен Астанадан шайланган 2ден депутат ээлешет. Казак сенаторлорун эл шайлабайт, ар бир облустун жетекчилери чөлкөмдүн атынан экиден татыктуу өкүлдү тандашат. Ар бир үч жыл сайын алардын жарымы, же 16сы жаңыланып турат. Казакстандын татаал парламенттик системасы боюнча, быйыл Сенатка айтор 16 киши тандалат, бул орундар үчүн 41 киши көрсөтүлсө, алардын 21и президенттик “Отан” партиясынын мүчөлөрү экен.

Отанчылар парламенттин төмөнкү палатасы – Мажилисте көпчүлүк мандаттарга ээ, эми Сенатта да басымдуулук кылса, келээрки президенттик шайлоо качан өтөөрү ырасмий Астананын тилегине жараша чечилээри бышык. Ушу тапта президенттик шайлоо 2006-жылдын декабрында, же андан кыйла эрте, Назарбаевдин бийлик мөөнөтү аяктаган январь айында өтүшү керек деген талаштар кызып турган чак.

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Лаззат Сулеймен эл аралык коомчулук жума күнкү жараянга чоң кызыгуу менен көңүл буруп жатканын айтат:

- Эл аралык байкоочулар Сенаттагы шайлоого чоң кызыгуусун билдирүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясы 52 байкоочуну каттады. Алардын көбү КМШ өлкөлөрүнөн келгендер.


Ал айткандай чет элдик байкоочулар Сенаттагы талапкерлерди тандоо ишине көз сала алышат, бирок Казакстандык байкоочулар катышпайт.

Дос Кошим – Алматыдагы Көз карандысыз байкоочулар уюмунун башчысы, оппозициячыл саясатчы. Ал Сенаттагы тандоого кызыкпайбыз дейт:

- 5 жылдан бери бийликтегилер Сенатты каалаганындай калчап келатышат. Ал чыныгы элдин өкүлдөрү шайланган жыйын болбогон соң биз да кызыккан жокпуз.

Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Оналсын Жумабеков эки мурдагы сенатор өз орундары үчүн күч сынашпай калганын билдирди. Алардын бири – Карагандылык Валихан Кайсар сенатор болуудан тажаганын айтса, экинчиси өкүлдөр палатасындагы жалгыз оппозициячыл саясатчы саналган Зауреш Батталова убагында документтерин толук өткөргөн жок деп четтетилди.


Ошентип, Казакстандын Сенатынын жарымы жума күнү жаңыланат, андагы көпчүлүк орундарды “Отан” партиясы жеңсе, президенттик шайлоонун мөөнөтү казак бийликтери каалагандай шайма-шай болоору талашсыз.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG