Жөөт көчмөндөрдүн каршылык көрсөтүүсү менен коштолуп жаткан бул жараянды палестиндер кубануу менен каршы алып жатышат.
Газанын аэропортунда миңдеген палестин тургундарынын алдында сүйлөгөн жума күнкү сөзүндө Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас бул жараянды тарыхый, кубанычтуу окуя катары сыпаттады.
- Биз бул тарыхый окуяны, жөөт көчмөндөрдүн Газа тилкесинен кетип жатканын курсант болуу менен каршы алып жатабыз.
Аббас бул окуя палестин элининин сабырдуулугунун арты менен мүмкүн болгонун белгилеп, бир кезде Израил палестиндерге энчилүү баардык жерлерден чыгып кете турган убакыт келээрине ишендирди.
- Бул Женин, Иордандын Батыш жээги менен Иерусалимде аяктай турган процесстин, Кудай кааласа, алгачкы гана кадамдары, - деди Аббас.
Өз сөзүндө Аббас автономия жетекчилиги акыркы беш жылдагы жаңжалда кыйрап калган үйлөрдү калыбына келтирет, деп убада кылды. Ал ошондой эле жаңжалда жараат алып, майып болуп калган адамдарга өкмөттөгү кызмат орундардын беш пайыздайы бериле турганын айтты.
Көпчүлүк жөөт көчмөндөр үйлөрүн өз ыктыяры менен таштап, көчүп кетип жатышты. Бирок айрым жерлерде Израил аскерлери көчмөндөрдү күч менен чыгарууга мажбур болду.
Мисалы, Гадид деген жөөт кыштактын тургундары үйлөрүнүн алдына баррикадаларды орнотуп, келген полициячыларга таш ыргытып, каршылык билдиришти. Дагы бир кыштакта болсо көчмөндөр жөөт полициясы менен солдаттарга күйүүчү заттарды ыргытып, бир топ полициячыны жарадар кылышты.
Көчмөндөргө күч колдонула баштаган шаршемби күндөн тарта Израилдин коопсуздук күчтөрү бир миңге жакын кишини камакка алды.
Газа тилкесинде кала берип жаткан төрт жөөт кыштактын тургундары келээрки шейшемби күнгө чейин толугу менен чыгарылып кетээри болжолдонууда.