Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:58

Газада төрт гана жөөт конушу калды


Жакынкы Чыгыш. Соңку үч күндүн ичинде Израил бийлиги Палестинанын Газа тилкесиндеги жөөт конуштарынын дээрлик бардыгын көчүрүүгө жетишти. Мындагы 21 конуштун болгону төртөө гана акыр-аягына чейин көчүрүлүп бүтө элек. Аймактан көчүүнү каалабаган айрым жөөт тургундары израилдик аскерлер менен кагылышууга чейин барды. Ал эми палестиналыктар израилдик тургундардын көчүрүлүп кетишине байланыштуу Газа тилкесинде салтанаттуу жыйындар өткөрүштү. Кечээ Палестин аймагынын президенти Махмуд Аббас Газадагы жөөттөрдү көчүрүү Иордандын Батыш жээгиндеги жөөт конуштарын жоюу жана Палестинанын толук боштондугуна жетишүү үчүн башаттык окуя болуп калды деп, аны олуттуу тарыхый жеңиш катары баалады.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG