Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:54

МЕДЕТКАН ШЕРИМКУЛОВ: «БАШ МЫЙЗАМ ЭЛ ҮЧҮН КЫЗМАТ КЫЛЫШЫ КЕРЕК»


Конституциялык кеңешменин курамын кайра түзүү боюнча коомчулукта ар кандай пикирлер айтылууда. Экc-спикер, белгилүү саясатчы Медеткан Шеримкулов “Азаттыкка” курган маегинде Баш мыйзамды бийлик үчүн эмес, эл үчүн кызмат кылгандай түзүш керек деген көз карашын билдирди.

- Медеткан мырза, Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө кандайдыр бир убакыт өткөн соң, мурдакы президент Аскар Акаевдин сценарийине окшоп кетүү коркунучу жокпу?

- Сиздин айтып жаткан чочулаган оюңузду мен бар деп да, жок деп да айталбайм. Себеби, кийинки Аскар Акаевдин убагындагы Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөрдүн бардыгы тең элге терс пикир туудуруп койду. Эмне болсо да президент айткан нерсе өтүп кетет экен деген ойго келип калдык да. Анан эми Акаевдин системасына, Акаевдин жүргүзгөн саясатына каршы чыгып жатып, эгерде бүгүнкү шайланган экинчи президент Курманбек Бакиев Акаевдин таз кейпин кийе турган болсо, анда бул Курманбек Салиевичке кадыр барк алып келбейт. Эл баары бир эртеби кечпи, өзү калчап койот. Ошондуктан, Курманбек Салиевич элдин ак ниет менен, жакшы үмүт менен көрсөткөн ишенимин актайт деп ойлойм. Конституцияны бир кишинин кызыкчылыгы үчүн эмес, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн түзүлгөн Баш мыйзам болот деген ойду айтар элем.

- 114 кишиден турган мурдакы Конституциялык кеңешменин курамында сиз да бар элеңиз. Азыр кайрадан жаңы кеңешменин курамын түзүү тууралуу ойлор айтылууда. Мурдакы Конституциялык кеңешменин буга чейин иштеген эмгеги жараксыз болуп калбайбы? Мурдакы Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнүн пикири кандай?

- Конституциялык кеңешмеге кирген 114 кишинин ой-пикири эч кандай суралган жок. Президент менен Жогорку Кеңештин төрагасынын ортосундагы болгон жолугушууга Конституциялык кеңешменин бир да мүчөсү катышкан жок. Экөөнүн ортосундагы болгон гана жолугушуу.Ошондуктан жаңы Конституциялык кеңешменин курамын кайрадан түзүүгө Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү кандай карайт? Ал ар кимдин өзүнүн иши. Бирок мен ойлойм, ошол Конституциялык кеңешме жазып, даярдап элге сунуш кылып чыккан варианттын ичинде жакшы ой-пикирлер бар. Ошол ой-пикирлер жаңы Конституциялык кеңешме түзүлсө дагы колдоого алынат деген ишенимим бар.

- Жаңы Конституциялык кеңешменин курамын президент Курманбек Бакиев жетектеш керек деген сунуш айтылыптыр, мындай сунушка пикириңиз кандай?

- Конституциялык кеңшменин башында президент турат деген ой мындай да: Биз 1993-жылы жаңы Конституцияны иштеп чыкканда, андан кийинки Конституциялык өзгөрүүлөргө комиссиянын башында президент туруп калбадыбы. 1993-жылы кабыл алган Конституциялык кеңешменин башында Аскар Акаев турду. Бирок негизги ишти мен бүтүрдүм. Мен парламентке добушка койгондон эмес. Жок. Бүтүндөй жумушчу комиссиянын иштерин мен өткөрүп жүрдүм. Аскар Акаевич ишине байланыштуу убактысы аз болгондуктан айрым учурда катышчу. Бирок комиссиянын төрагасы катары Акаев калды. Ал эми 1994-жылы, 96-жылы, 98-жылы Конституцияларга өзгөртүү киргизүүдө эч кандай комиссия болгон эмес. Аны да эске алып койолу. Эч кандай комиссия түзүлбөй президенттин демилгеси менен эле киргизилип калган. Комиссия 2002-жылы түзүлдү. Ошол жылы Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүн Акаев башкарып калды. Мына ошондо Конституциялык кеңешме түзүлдү. Анан акырында эмне болду? Конституциялык кеңешме иштеп чыккан варианттын баары четте калды дагы, Акаев 14 күндүн ичинде түзгөн эксперттик топ түзгөн вариантты элге чыгарып койбодубу. Мына ошол коркунучтар бар. Ошондуктан Конституциялык кеңешменин, жаңы Конституциянын редакциясынын, же Конституцияга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн башында президент турабы, төрага турабы, же болобосо эки жака калыс адам турабы? Же Конституциялык түзүлүш эмне экен, Конституцияны иштеп чыгуу эмне экенин тыкат билген кадыр барктуу адамдын бирөөнү башчы кылып коюп койсун, мына ошол комиссия ишеп чыгып президентке да, Жогорку Кеңешке да даяр вариантын алып келсин. Мына мен сизге бир эле мисал айтып берейин. Бүт Европа өлкөлөрү биригип бир Конституцияга келишти. Мына ошол Конституциянын башында Жак Ширак да турган жок, Тони Блэр да турган жок, Герхарт Шрөдер да турган жок. Анын башында Франциянын мурдагы президенти, Конституциялык түзүлүштү абдан жакшы билген, окумуштуу, ишмер, тажрыйбалуу адам катарында Жескар Дестен турду.Бүт Европалык мамлекеттердин Конституциясын иштеп чыкты. Менимче бул да туура деп ойлойм.

- Ырахмат маегиңизге!

XS
SM
MD
LG