Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:45

БАШКЫ ПРОКУРАТУРА АЙДАР АКАЕВ БОЮНЧА ПАРЛАМЕНТТЕН ЖООП КҮТҮҮДӨ


Экс-президент Аскар Акаевдин уулу, Жогорку Кеңештин депутаты Айдар Акаев 1-сентябрда Парламентке ишке чыгышы күтүлүп жатат. Ошол эле учурда Айдар Акаевдин депутаттык мандатына байланышкан маселе Жогорку Кеңештин күн тартибинде турат. Бул маселенин көтөрүлүшүнө Башкы прокуратуранын сунушу негиз берүүдө.

Башкы прокуратура Айдар Акаевге Кылмыш кодексинин опуза жасады, кызматынан кыянаттык менен пайдаланды, мыйзамсыз жол менен алынган мүлк жана акча каражатын мыйзамдаштырып алды деген өңдүү бир катар беренелери боюнча айып тагып атат. Мунун негизинде кылмыш жообуна тартуу үчүн депутатты мандатынан ажыратуу сунушу менен Башкы прокурор Азимбек Бекназаров Жогорку Кеңешке июлдун этегинде кайрылган. Убакыт жетишсиз болуп калды деп эсептеген Жогорку Кеңеш бул маселени күзгө калтырган:

- Жогорку Кеңештин регламенти боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, ал бир ай ичинде маселени карап, парламентке сунуш бериши керек. Ушундан кийин гана Жогорку Кеңеш аны күн тартибине киргизип, тигил же бул өнүттө чечим кабыл алат, - деп билдирген, төрага Өмүрбек Текебаев парламенттик каникул маалында берген маалымат жыйынында.

Ошондуктан, Башкы прокуратура Айдар Акаевге байланышкан келерки кадамы Жогорку Кеңештин чечимине жараша болууда. Азимбек Бекназаровдун айтымында, парламент бул маселеге сентябрдын этегинде кайрылууну убада кылууда:

- Айдар Акаевдин иши боюнча сентябрдын аягында карайбыз дешип атат. Парламент караганы жатат.

Айдар Акаев март окуясынан бери парламентке ишке чыга элек. Айдар Акаевди депутаттык укуктан ажыратууга ушул деле негиз болуп бере алат деген көз караштар да аз айтылган жери жок. Бирок спикер Өмүрбек Текебаевдин айтканына караганда, регламент боюнча депутаттын ишке чыгуу тартибине байланышкан маселе бир жылдык иш жыйынтыгынын негизинде гана каралышы керек.

Бул аралыкта адвокат Максим Максимович Айдар Акаев күзүндө ишке чыгаарын кыйытты. Мындан эки ай мурдараак мындай пикирин «Азаттыкка» берген интервьюсунда Айдар Акаев өзү да билдирген:

- Күзгү сессияга сөзсүз келем. Ага чейин округга барып, эл менен сүйлөшөм. Анан биздин тартип коргоо органдары эле бир нерсе ойлоп чыкпаса, ишке сөзсүз киришем.

Бирок Айдар Акаев окургдарга жайлай келген жок. Адвокат Максим Максимович “депутат шайлоочулары менен өкүлдөрү аркылуу байланышып жатат, экс президенттин үй бүлөсүн куугунтуктоо болуп жаткандыктан, Айдарга депутаттык ишмердүүлүгүн баштоо кыйын болуп жатат”, - деп билдирди:

- Элдин баарынын эсинде турат, Бермет парламентке кандай аракет жасады эле. Пикеттер болду эле. Бул албетте, Айдардын ишмердүүлүгүн да татаалдаштырып жатат. Айдарды куугунтукташууда. Анын өмүрүнө кол салуу жаатындагы коркутуулар болду.

Мындай саясий билдирүүлөрдү Аскар Акаев жана анын үй бүлөсүн кескин сынга алган коомчулуктун өкүлдөрү шылтоо катары санашат. Ал эми Башкы прокуратура айып тагып жаткан адамдарга байланышкан териштирүүлөр солгун жүрүп жатат деп эсептешип, аны далилдин жоктугу менен байланыштыргандар да жок эмес.

Бишкек шаардык ички иштер кызматынын мурдагы башчысы Өмүрбек Субаналиевдин пикиринде, мындай күмөнсүнүүлөргө жол бербеш үчүн Башкы прокуратура кескин аракеттерди жасашы керек:

- Убакыт деле көпкө созулуп калды, ошон үчүн прокуратура бардыгын ачык-ачык айтып, күнөөлөрдү тагып, ачыкташ керек эле.

Бул аралыкта Башкы прокурордун чет элдер менен байланыш жана уюштуруу башкармалыгынын башчысы Сумар Насиза учурда Айдар Акаевди «Бител» компаниясынын кожоюну катары кылмыш жообуна тартуу маселеси чечилип жаткандыгын журналисттерге кабарлады.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG