Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:50

ИРАК КОНСТИТУЦИЯСЫ БОЮНЧА ТАЛАШ БҮТӨ ЭЛЕК


Бүгүн түн ортосуна Ирактын жаңы Конституциясынын долбоору даяр болуш керек. Башмыйзам боюнча атайын комиссия алгач берилген мөөнөткө - 15 августка бул жооптуу ишти бүтпөй калган эле. Улуттук ассамблея парламент Баш мыйзамдын долбоорун бекитсе, андан соң октябрдын ортосунда Конституция референдум аркылуу бекитилет.

Ислам - Конституциялык комиссияны жаатташтырган негизги суроо болууда. Диний партиялар ислам мыйзамдардын негизги булагы болсун деген көз карашта бекем турушууда. Буга секулярдык партиялар, анын ичинде парламенттеги күрттөр блогу макул эмес. Башмыйзамды даярдап жаткан комиссиянын мүчөсү, бепартия Махмуд Осман эмне үчүн “Ирак Ислам Республикасы” деген сунушка каршы экенин мындайча түшүндүрөт:

- Биз жанагыдай “Ирак Ислам республикасы” деп атоого каршыбыз. Антсек Иранга окшоп калбайбы. Ошондо абал азыркыдан да татаалдайт. Эл азыр эле бизди Ирандын таасири астындасыңар деп күнөөлөп жатпайбы.

Секулярдык партиялардын пикиринче, шарият Батыштын саясый системасы сыяктуу эле мыйзамдын бир булагы гана болуш керек.

Шариятка катар уламалар Жогорку соттун курамына кириш керекпи, үй-бүлөгө байланыштуу кайсы маселелер шарияттын негизинде чечилиш керек деген да олуттуу суроолор турат. Ажырашууда жана мүлктү мурастоодогу талаш шариятка ылайык жөндөлчү болсо, аялдар Ирак Конституциясы кепил өткөн азыркы укуктарынан ажырап калышат.

Ирактын жаңы Башмыйзамын даярдоону артка тарткан экинчи чоң маселе - өлкөнүн болочок түзүлүшү. Адегенде 1991-жылдан бери өз алдынча башкарууда жашап жаткан өлкө түндүгүндөгү күрт аймагына гана автономиялык укук берилет деп боолгонгон. Бирок жакында шиитердин ири диний партиясы шииттер топ-тобу менен жашаган Түштүктө жана Ортолук Иракта шиит автономиясы түзүлсүн деп чыкты.

Сунни саясатчылары шиит автономиясына каршы. Алар өлкөнүн мунайга бай аймактары Шиит жана Күрт автономиясы болуп бөлүнүп алса, суннилер жашаган мунайсыз аймактар жакырлыктын сазына батат деп чочушат.

Шииттердин айрым диний партиялары да сунни саясатчылары сыяктуу шиит автономиясын түзүү Ирактын кыйрашына алып барат деп, федерализм идеясына каршы болушууда. Өлкөнүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси, таанымал шиит саясатчысы ар-Рубая борбордук бийликти жергиликтүү өкмөттөр менен бөлүшүүнүн жолун сунуш кылды:

-Мен борбордук бийликти чектеп, федералдык системаны бекемдөөнү жактайм. Мен элдердин өл алдынча бөлүнүү укугун колдойм. Бул адам укугунун негизи деп ойлойм. Мен жергиликтүү эл өзү жашаган аймактагы байлыктын үзүрүн көрүш керек деп эсептейм.

Ирак өкмөтүнүн өкүлү Лайз Куббанын билдиришинче, Конституциялык комиссия бүгүн түнү Башмыйзамдын долбоору боюнча бир мунасага келбесе, аларга жаңы мөөнөт берилет же комиссия таркатылат.

XS
SM
MD
LG