Аскерлер эми Иордандын батыш жээгиндеги Са-Нур жана Хомеш деген эки айылды көчүрсө процесс толугу менен аягына чыгат. Бирок Израилдин ЦАХАЛА агенттигинин божомолдоосу боюнча ушул эки айылдын тургундары катуу каршылык көрсөтүшү мүмкүн. Израилдин чалгындоо кызматынын мурдагы кызматкери жөөттөр аскерлерге каршы курал да колдонуп жибериши мүмкүн, себеби, ал жердеги тургундардын 8 пайызы же 230 адамда курал бар деп айткандыгын эл аралык маалымат каражаттары кабарлады.
Анткен менен 38 жылдан бери палестиндердин жерин басып алып жашап жаткан жөөттөрдү көнгөн жеринен күч менен көчүрүү алардын тарыхындагы аянычтуу жана өкүнүчтүү окуя болуп калды. Дигут деген айылдын 37 жаштагы тургуну Нир Дамари өз колу менен курган турак-жайын таштап кетүү өлүм менен барабар болуп жаткандыгын айтат. Ушундан улам алар куралсыз барган аскерлерге кол салганга чейин барышып, 20 жоокер ооруканага жатууга жана 100гө жакын жөөттү камакка алууга аргасыз болушту.
Ал эми турак үйлөр бузулуп, бошогон жерге палестиндиктер үчүн көп кабаттуу үйлөр курулат. Ал бузулган үйлөрдөн калган акыр-чикирлер Египет менен түзүлгөн келишимге ылайык ошол өлкөгө ташылып кетет. Палестинанын президенти Махмуд Аббастын билдирүүсү боюнча, ал жерге андан тышкары айыл чарба, өнөр жай өндүрүш жайларын куруу долбоорлору даярдалып жатат. Алар БУУ башында турган өнөктөш мамлекеттердин жардамы менен тынчтыкты жөнгө салуу программасынын алкагында жүргүзүлөт.
Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон менен Палестинанын президенти Махмуд Аббас дүйшөмбү күнү кечинде телефон аркылуу пикир алышып, көчүрүү ишинин тынч аяктап жаткандыгына ыраазы экендиктерин билдиришти.
Ал эми Ариэл Шарон Израилдин өкмөтүнүн алдындагы башкы максат үй-жайынан көчүрүлгөндөрдү тезирээк жайгаштыруу деп билдирди:
- Өкмөттүн максаты - көчүрүлгөн адамдарды жаңы жерге жакшы жайгаштыруу. Биз бул ишти мүмкүн болушунча тез арада бүткөрүшүбүз керек.