Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:23

ИЗРАИЛ ӨЗ ПЛАНЫНА ЫЛАЙЫК ЖӨӨТ КЫШТАКТАРЫН БОШОТТУ


Израил аскерлери шейшембиде Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги эки жөөт кыштагын бошотконун билдиришти. Анын алдында жөөт аскерлери Газа тилкесиндеги 21 кыштактын өз ыктыяры менен көчүүдөн баш тарткан тургундарын жүктөрү менен кошо автобустарга салып Израилге жөнөтүшкөн.

Шейшембиде эртең менен Израилдин 5000дей аскери Иордандын батыш жээгиндеги тикенек зым менен курчалган Санур жана Хомеш айылдарында жолго коюлган тосмолорду жарып өтүп, өз ыктыяры менен көчүп кетүүдөн баш тарткан жүздөгөн тургундарды алып кете башташты. Санурдун жүздөгөн тургундары синагогага кире качып, дарбазаларын бекитип алган экен, аскерлер эшиктерди талкалап кирип барганда сыйынып жаткан элге туш болушту.

Бул жердеги Санур жана Хомеш айылдары 1980-жылдары көбүнэсе мурдагы Советтер Союзунан барган иммигранттар үчүн курулган эле, эки айылда бардыгы 350дөй киши жашай турган. Бирок шейшембиде аларга Израил өкмөтүнүн элди көчүрүү чечимине нааразылык билдирген башка жердик жөөт жаштары келип кошулуп, элдин саны 1000ге чукулдап барган экен. Дүйшөмбүдөн тарта эвакуациялана турган айылдарга агылып келген радикал жаштар дубалдарга “Шарон-чыккынчы” деген сөздөрдү жазып, аскерлерге ыргыта турган бөтөлкөлөрдү камдап, алардын жолуна тосмолорду орнотушкан.

Ошондой жаштардын бири, өзүн Цион Крауз деп атаган жигит аскерлердин жолуна өрт коюп жатып буларды айтат:

- Эгерде аскерлердин милдети – бул жердеги үйлөрдү талкалап, жөөт элин өлтүрүү, террорчулар менен достошуп, Израилге каршы чабуул уюштуруу болсо – биз андайга жол бербейбиз.

Дүйшөмбүдө өкмөт жыйынын өткөргөн Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон эмки башкы милдет – палестин аймактарынан көчүрүлүп келген миңдеген адамдарды жаңы жайларга жайгаштыруу экенин белгиледи:

- Өкмөттүн, бардык министрлердин алдында көчмөндөрдү жаңы жерлерге жайгаштыруу милдети турат. Биз бул ишти чукул арада бүтүрүшүбүз керек.


Ошол эле күнү Ариэль Шарон Палестинанын президенти Махмуд Аббас менен телефон аркылуу сүйлөшүп, “жөөт кыштактарын көчүрүп кетүү – эки эл ортосундагы алакалардын жаңы барагын ача алат», - деп басым жасады. Бирок регионалдык эксперттер Израилдин соңку аракеттери Жакынкы Чыгыштагы жагдайды биротоло тынчытып жиберээри күмөндүү дешет. Дүйшөмбүдө Газадагы борбордук аянтта палестиндердин радикал “Хамас” уюмунун миңдеген жактоочулары жөөт тургундарын көчүрүп кетүү акциясын майрамдап, асманга далай ок атылды.

Ал жерде чогулган элге кайрылып, “Хамастын” лидери Исмаил Ханья палестин аймактары биротоло бошотулуп, Иерусалим шаары палестиндердин борбору деп жарыяланмайынча Израилге каршы күрөштү токтотпойбуз деп сөз берди.

Эксперттер соңку кездери хамасчылардын эл арасындагы кадыры жогорулап кеткенин белгилеп, жөөт тургундарынан бошотулган аймактар эми “Хамас”, “Исламий жихад” өңдүү радикал уюмдардын көзөмөлүнө өтүп кетпесе болду, деген кооптонуусун айтышууда.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG