Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:13

БЕЙӨКМӨТ УЮМДАР КОНСТИТУЦИЯЛЫК КЕҢЕШТИ ПРЕЗИДЕНТ БАШКАРЫШЫНА КАРШЫ


Кыргызстандагы айрым бейөкмөт уюмдар президент Курманбек Бакиевдин Конституциялык кеңешти жетектешине каршы пикирде. Алар эгер мамлекет башчы Конституциялык кеңешмени башкарса Башмыйзам бир гана аткаруу бийлигин күчтөөгө багытталып калат, деп чочулашат. Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев президенттин Конституциялык кеңешмеге жетекчилик кылышын Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн жасалган кадам катары баалады.

Өткөн бейшембиде президент Курманбек Бакиев менен Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев жолугушуп, Конституциялык кеңешменин курамын кайрадан түзүп, аны мамлекет башчысы жетектейт деген тыянакка келишкен. Төрага мындай формалдуу эмес чечимди парламент тарабынан эки ай мурда кабыл алынгандыгын билдирди:

- Мындан эки ай мурдагы сүйлөшүүлөрдө депутаттар макул болгон вариант бар. Аны ачык айтпагандыктан көпчүлүк адамдарга, биздин атуулдарга белгисиз эле. Биз эки ай мурда, акыркы жыйындардын биринде депутаттар менен сүйлөшкөнбүз. Парламенттин жыйынында Курманбек Бакиев Кыргызстанда президент болгон күндөн баштап Баш мыйзамды реформалоого активдүү катышуусу керек жана Конституциялык кеңешке жетекчилик кылуу керек, деп формалдуу эмес чечим кабыл алынган.

Өмүрбек Текебаев ошондой эле өлкө башчысын Конституциялык кеңешмени жетектөө сунушун Кыргызстандын келечеги үчүн жана элдин кызыкчылыгына төп келген мыйзамдуу кадам катары баалады.

Ал эми айрым бейөкмөт уюмдардын лидерлери Курманбек Бакиевдин Конституциялык кеңешмеге жетекчилик кылуусуна каршы пикирлерин билдиришүүдө. “Психикалык денсоолук жана коом” аттуу бейөкмөт уюумунун жетекчиси Бурул Макенбаева бул тууралуу мындай пикирде:

- Президенттин Конституциялык кеңешмени жетектөөсүнө каршы болуп жатканыбыздын себеби, биздин Баш мыйзамда президенттин укуктары өтө көп. Кимдин укугу көп болсо, ошол Конституциялык кеңешмени башкарбаш керек. Анткени бул коомчулукта карама-каршы пикирлерди жаратат. Баш мыйзамды реформалоого, Конституциялык кеңешмеге элдин ишеними азаят. Ошондуктан Конституциялык кеңешмени бийликте болбогон, мыкты саясатчы адам башкарса туура болот деп, президент Курманбек Бакиевге, Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевге кайрылуу жолдодук.

Кайрадан түзүлүүчү Конституциялык кеңештин төрагалыгына бийлик бутактарында иштебеген, элге кадыр-баркы бар белгилүү саясатчы Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү аркылуу шайланышы керек деген пикирин Адвокаттардын эл аралык ассоцациясынын жетекчиси Токторбек Ашыркул уулу билдирди:

- Менин айтарым мындай: Кыргызстандын бийлигин түзгөн үч бутак өз көмөчүнө күл тартпай, өзүнүн бийлигине басым жасабасын десек, Конституциялык кеңешменин төрагалыгына бийлик бутактарынын бирөөсү да болбошу керек. Себеби, атуулдук коомдон же белгилүү саясий ишмерден дайындалса, ал жалпы элдин мүдөөсүн аткарууга жан дили менен кызмат кылат эле деген ойдомун.

Шаршембиде Атуулдук коомду колдоо борборунун Ассоцациясы, атуулдук коомдордун өкүлдөрү мамлекет башчысы Курманбек Бакиевдин Конституциялык кеңешмени жетектөөсүнө жана Конституциялык кеңешменин курамын жаңы түзүүгө тынчсыздануусун билдирип, коомчулукка кайрылуу жолдоду. Кайрылууда Конституциялык кеңешменин кайра түзүлүүчү курамына көз карандысыз эксперттерди, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн, бийлик бутактарынан тең салмактап катыштырып, коомчулуктун бардык катмарынын пикирин эске алуу сунушталган.

XS
SM
MD
LG