Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:12

ЖАШЫРЫНЫП ЖҮРГӨН ӨЗБЕК АТУУЛДАРЫ АЧЫККА ЧЫГА БАШТАДЫ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Ош шаарында өзбек качкындарына байланышкан жаңыча жагдайлар пайда боло баштады. Буга чейин Кыргызстандын аймагында жашырынып келишкен айрым өзбек качкындары аларды качкын деп таануу жана коопсуздугун камсыз кылуу өтүнүчү менен кыргыз өкмөтүнө жана БУУнун Качкындар иштери боюнча башкы комиссарлыгына кайрылуу жолдошту.

Айрым жергиликтүү укук коргоочулардын маалыматына караганда, алгач үч, андан соң беш өзбек атуулу алардан убактылуу баш баанек жана укуктук жардам сурап кайрылышкан. Атын атабоону суранган 34 жаштагы өзбек качкыны үч айдан бери ар жерден баш баанек издеп жүргөндүгүн мындайча түшүндүрдү:

- Мен Намангандан болом. 18-август күнү Ош шаарына келдим. Анжианга кире албастан Ош шаарына кирип келүүгө мажбур болдум. Үйдөн чыгып кеткениме үч ай болду. Бул жерден баш баанек издеп үч айдан бери жүрөм.

Ал эми анын шериги 23 жаштагы Алишер аттуу жигит буга чейин Ноокат районундагы тааныштарыныкында күн кечирип келишкендигин мындайча билдирди:

- Ушул убакытка чейин Ноокат районунда тааныштарымдыкында жүрдүм. Ал жердеги кыргыздарга ырахмат! - деген түшүндүрмөлөрдү айтып беришти, өздөрүн “качкын” деп таануу өтүнүчү менен кайрылып жатышкан өзбек атуулдары.

Учурда жогоруда аталган адамдар Оштогу бейөкмөт уюмдар тарабынан камсыз кылынган коопсуз жайда күн кечиришүүдө. Жергиликтүү бейөкмөт уюмдун өкүлү Улукбек Мамбеталиев качкындарга коомдук деңгээлде көмөк көрсөтүлүп жаткандыгын билдирди:

- Ушул күндө Өзбекстандан качкын болуп келген эл үчүн өзүбүздүн эсебибизден болушунча тамак-ашына, кийим кечесине бейөкмөт уюмдар менен өз ара байланышып сүйлөшүп, аларга жардам көрсөтөлү деген ойдо иш кылып атабыз.

Бейөкмөт уюмдардан алынган маалымат боюнча, өздөрүн “качкын” деп таанууну жана коопсуздуугун камсыз кылууну суранып кайрылган өзбек качкындарынын жалпы саны 8 адамды түзөт. Бирок миграция кызматынын түштүк аймагы боюнча башкармалыгынын башчысы Нурийла Жолдошева жогоруда аталган адамдардын ичинен үчөө гана ырасмий түрдө баш баанек сурап кайрылышкандыгын билдирди:

- Бүгүнкү күндө биз алардын арыздарын кабыл алдык. Биздин өзүбүздүн атайын процедураларыбыз бар бекитилген. Ошол процедуранын негизинде 3-4 күндөн бери алар менен аңгемелешүүлөрдү өткөрүп жатабыз. Алар берген маалыматтарды, андан тышкары Өзбекстан тууралуу маалыматтарды бир сыйра өзүбүзчө иликтеп чыгышыбыз керек. Бул кишилер жөнүндө бир топ маалыматтарды текшерип чыгышыбыз керек. Ошондон кийин гана биз кандайдыр бир чечим алганга киришебиз.

Бириккен Улуттар Уюмунун алдындагы Качкындар иштери боюнча башкы комиссарлыгынын жергиликтүү өкүлдөрү өзбек качкындарына байланышкан жаңыча жагдайлар боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.

XS
SM
MD
LG