Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:40

ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШ: ЭМИ ТЫНЧТЫК ЖАРАЯНЫ ТУУРАЛУУ СҮЙЛӨШҮҮГӨ БОЛОТ


Төрөкул Дооров, Прага. Израил Газа тилкесиндеги баардык жөөт конуштарын жана Иордандын батышындагы айрым конуштарды алып чыгып кеткенден кийин, “эми Жакынкы Чыгышта Араб-Израил алакаларында кандай өзгөрүү болот?”, “Чын эле соңку аракеттер Израил менен Палестина ортосунда тынчтык жараянына жетишүүгө жол ача алабы?” деген өңдүү суроолор жарала баштады. Египеттин (Мысырдын) президенти Хосни Мубарак Израилдин премьер-министри Ариел Шарондун чечкиндүү аракеттерин мактап, тынчтыкка жетишүү үчүн аракет Израилдин лидеринин колунан келе турган иш экенин белгиледи.

Жөөт конуштарын көчүрүү кантип ишке ашканын түнү-күнү дүйнөлүк сыналгы каналдары тынбай көрсөтүп жатышты. Өз там-жайларын таштап кетүүнү каалабаган тургундар менен радикал топтор бул аракеттерге бир топ эле каршылык көрсөтүштү, бирок Израил аскерлери баары бир операцияны өз убагында аткара алышты. Ошентип, Израил ээлеп алган Газаны кайра палестиндерге бошотуп берди.

Алар бир канча убакыт бою ийкемдүү эмес аракеттерин көрсөтүп келген Израил премьери Ариел Шарондун жаңы буйругуна баш ийишти. Бирок дал ушул Шарон тартылып алынган аймакта калуунун мүмкүн эмес экендигин, саясий жана аскерий талап аны бошотууга негизделээрин биринчи болуп түшүндү.

- Чын дилимен айтам: аскерлер, силер аткарып жаткан жумуш болуп көрбөгөндөй өтө оор. Бул - силер үчүн да, конуштардын тургундары үчүн да татаал, бирок Израил мамлекети үчүн зарыл чара, - деди көчүрүү иштери болуп жаткан чакта Израилдин премьер-министри Ариел Шарон.

Газадан чыгуу иши эки эл ортосунда тынчтыкка жетишүү аракетинде Шарон чындап эле чечкиндүү экенин көрсөттү. Египеттин президенти Хосни Мубарак аны чындап тынчтыкты камсыз кыла ала турган жалгыз израилдик деп атады.

Палестин лидери Махмуд Аббас да Шарондун аракеттерин мактап, аны тынчтыкка умтулуудагы өнөктөшү деди. Эки лидер кийинчерээк жолугуша турган болушту.

Эмки милдет кантип тынчтыкка жетишүү каалоосун колдоп, аны турмушка ашырууда турат. Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш шейшембиде лидерлерди кайрадан “Тынчтык жол картасы” боюнча сүйлөшүүлөргө кайтууга чакырды:

- Мен премьер-министр Ариел Шарондун Газадан кетүү чечимин колдоп, жылуу кабыл алдым. Бул аракеттерди ыкчамдатып, палестиндиктерди чындап үмүттөндүрөт. Биз мезгили келгенде бири-бири менен коңшулаш жашай турган эки башка демократиялык мамлекетти көрө алабыз деп үмүттөнөм.

Анткен менен Шарондун тынчтыкка жетишүүгө чындап бел байлаганына ишенбегендер да бар.

Палестинадагы Бирзейт университетинин профессору Хишам Ахмед “Шарон эми Иордан дарыясынын басылып алынган Батыш жээгинде жана Чыгыш Иерусалимде жаңы жөөт конуштарын курууну жактап чыгышы мүмкүн деп кооптонот:

- Азыр тынчтыкка жетишүүгө аябай жакшы мүмкүндүк түзүлдү, бирок ал ошол эле Шарон тарабынан бузулбайт ко деп үмүттөнөм. Эгерде ал Иордандын Батыш жээгинде жана Чыгыш Иерусалимде жаңы жөөт конуштарын курууну баштап жиберсе, ал Газадан кетүү боюнча өзүнүн эле пландарын кыйратып салган болмок. Анткени бул аракет психологиялык абалды толугу менен өзгөртөт. Эгер ал чын эле Израил коомунун каалоолорунун чегинде иш кылса, анда региондо тынчтыкты орнотуу ишинен тайбашы керек.

Газа тилкесинен конуштар көчүрүлгөндөн кийин, палестин лидери Махмуд Аббас израилдик премьер Ариел Шаронго телефон чалып, бул аракет Израил менен Палестинанын карым-катнаштарында “жаңы баракты” ачаарын белгиледи. Бул акыркы эки айдан бери Израил менен Палестина лидерлеринин алгачкы сүйлөшүүсү болду.

XS
SM
MD
LG