Ошондой оюндардын бири жакында Бамиан провинциясынын борборунда болуп өттү. Бул чакан эпизоддо добуш берүү учурундагы тамашалуу бир окуя баяндалат. Чоң аянтка чогулган эл маскаропоздун өнөрүнө дуулдап күлүп жатышты.
- Бул оюндун максаты – элге шайлоо жана анын пайда-батасы жөнүндө маалымат берүүдө турат. Баарыга жугумдуу жана түшүнүктүү болсун үчүн биз күлкүлүү эпизоддорду тандап алдык,- дейт маскарапоздун кейпин аткарган артист Шамсудин Юсофзари.
Мындай көчмө театрлар шайлоо алдындагы үгүт-үйүт иштеринин эң таасирдүү формасына айланганын университеттин студенти Акбар Хан да бышыктады.
- Шайлоо дегенди биздин эл эзели билген эмес,андыктан бул оюндар аларды саясий жактан агартуунун табылгыс ыкмасы десе болот. Эл чынында эле оюндан соң шайлоо деген эмне себептен керек экенин аңдай баштады.
Бамиандык тургундардын бири Галам Сахи добуш бергени сөзсүз бара тургандыгын билдирди:
- Бизге, жалпы Ооганстанга жардамы тие турган кишини шайлагыбыз келет, эл парламентке чынчыл, мусулманчылыктын жолун тутунган адамды өкүл кылып жибериши керек, ал эми карөзгөй,жаман адамдар бийликте болбошу керек.