Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:04

ИРАК: КОНСТИТУЦИЯ ДОЛБООРУ КАБЫЛ АЛЫНДЫ


Бүбүкан Досалиева, Прага шаары Бүгүн Ирактын Конституциясынын долбоорун даярдаган комиссиянын бардык мүчөлөрү аны кабыл алуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Бирок долбоор сунниилер каалагандай деңгээлде өзгөртүлбөй калгандыктан алар ушул жылдын 15-октябрында боло турган референдумда колдобойбуз деп жатышат.

Ал тууралуу сүйлөшүүлөрдү сунниилердин атынан жүргүзүп жаткан негизги адамдардын бири Мохаммед Абед-Раббои билдирди. Анын айтымында, долбоордо сунниилер каалаган талаптар каралган жок. Алар Ирактын федеративдүү мамлекет болушуна каршылык көрсөтүп, эгер федерация боло турган болсо мунай байлыгынан алынган пайда үлүшүнөн куру калабыз деп коркуп жатышкан.

Ирактын өкмөтүнүн расмий өкүлү Лаиф Куббанын айтымында, мамлекеттик түзүлүш жөнүндөгү маселени ушул жылдын декабрында шайланып келе турган парламент чечет. Азырынча долбоордо Ирак бирдиктүү бүтүн мамлекет катары көрсөтүлдү. Биро, буга чейин иш жүзүндө өз автономиясына ээ болуп келген күрддөргө андай укук берилди:

- Ирактын бир бөлүгү катары күрддөргө автономия берүү боюнча макулдашуу бар. Бул эми өзгөчө жагдай. Алар каалагандай конституциялык негизде укук берүүгө уруксаат берүү керек. Бирок ал Ирактын бир бөлүгү жана ал эч качан бөлүнбөйт.

Анткен менен долбоорго сунниилердин комиссиядагы 15 өкүлүнүн бири да кол койгон жок.Алар катуу каршылык көрсөтүп жаткан 3 жагдай бар. Анын биринчиси жогоруда айтылгандай Иракты федеративдүү мамлекет кылбоо, экинчиси Баас партиясын кайра калыбына келтирүү жана исламдын өлкөдө ала турган орду жана мыйзамдардагы кабыл алуудагы ролу. Бирок долбоордон партия деген сөз алынды. Демек, бул Саддам Хуссейн башында туруп, Иракты башкарган Баас партиясынын мурдагы өкүлдөрүнүн декабрдагы парламенттик шайлоого катышуусуна мурдагыдай жол ачык эмес экендигинен кабар берет. Ал эми ишемби күнү Ирактын парламентинин төрагасы Хажим Хассани сунниилерге кайрылып, аларды шиилер менен күрддөр даярдаган долбоорду колдоого чакырып, федерализм азыр эмес, парламенттин декабрда шайлана турган эл өкүлдөр кеңеши чечээрин төмөнкүчө билдирген:

- Сунни арабдардын сунушу боюнча федерализм маселеси болочок Ирак парламентинин төмөнкү палатасы тарабынан талкууланыш керек. Бул сунуш федералдык региондорду түзүүгө мүмкүндүк берет. Аны түзүү механизмин эл өкүлдөр кеңеши чечиш керек.

Ал эми Ирак өкмөтүнүн басма сөз катчысы Лаиф Кубба долбоорду колдобойбуз деген сунниилердин коркутуусу анча деле күчкө ээ эмес деген ойдо:

- Бизге сунниилердин көбү өзгөртүүлөргө макул болгону бизше белгилүү жана алардын кубанганын да билебиз. Каршы болгондор да бар. Бирок, мен алар мындай талаптарын чектөөсү керек деген ойдомун..

Долбоор эми 15-октябрда боло турган референдумда жалпы элдик талкууга коюлат. Конституциянын тексти жөлөк пул менен кошо ар бир үй-бүлөгө жөнөтүлөт. Ал эми АКШ Ирактын Баш мыйзамы кабыл алынат деген катуу үмүттө.

XS
SM
MD
LG