Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:48

КЫРГЫЗСТАН-ОРУСИЯ МАМИЛЕЛЕРИ МЫНДАН АРЫ КАНДАЙ ӨНҮГӨТ?


Сентябрь айынын башына президент Курманбек Бакиевдин Москвага жумуш сапары даярдалууда. Анда эң биринчиден экономикалык маселелер каралаары болжолдонуп жатат.

Маалым болгондой, президент Курманбек Бакиевдин Америка Кошмо Штаттарына сапары октябрь айына белгиленүүдө. Анын алдында кыргыз тарап Москвага барып, негизги өнөктөшү Орусия экенин белгилеп коюуну эп көрүүдө. Муну Кыргызстандын атын атагысы келбеген дипломаты да мойнуна алууда.

Ал эми Тышкы иштер министрлигинин КМШ башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Болот Мукашев Москвада карала турган маселелер тууралуу буларды билдирди:

- Эң биринчи экономикалык долбоорлор каралат. Биз көп долбоорлорду сунуштап жатабыз. Анткени Орусия менен байланыштарыбыз көп.Ошол долбоорлор, жардам алуу, гуманитардык аспектер боюнча да маселелерди көтөрөбүз деп турабыз. Дагы бир маселе - бул эмгек миграциясы. Кыргыз мигранттарына «жумшак» документтерди кабыл алуу боюнча сунуштарыбыз бар.

Болот Мукашевдин айтымында, Москвада Кыргызстандын Орусияга болгон 180 миллион долларлык карызын төлөө маселеси да козголот.

«Кыргызстан» коомдук-саясий кыймылынын аткаруу комитетинин төрагасы Алишер Абдымомуновдун пикиринде, Орусия акыркы кезде Африка жана араб өлкөлөрүнүн миллиарддаган доллар карызын кечип салууда. Бирок стратегиялык өнөктөшү Кыргызстанга андай мамиле жасаган жок:

- Бул карыз 136 миллион доллар болчу, эми 180 миллион долларга жетип калды. Ал Советтер Союзу учурунда Кыргызстанга илинип калган карыз. Орус саясатчылары мына ошол 180 миллионго Кыргызстандын жарымынан көбүн сатып алабыз, же чөгөлөтүп алабыз деген максат менен жүрүшөт.

Алишер Абдымомуновдун айтымында, кыргыз тарап бул карызды кечүү маселесин койсо туура болот.

Маалым болгондой, орус тарап Канттагы аба майданын кеңейтүүгө аракеттенүүдө. Ага уруксат берүүдөн мурда кыргыз мигранттарынын шартын жеңилдетүү маселеси коюлушу керекпи? - деген суроого Абдымомунов минтип жооп берди:

- Эгерде Канттагы база аларга керек болсо, анда алар Кыргызстанга да жагымдуу шарттарды түзүш керек. Ошол эле карыз, мигранттар боюнча. Биз түзгөн төрт келишимди Орусия ратификациялап, биздин атуулдардын каттоосун жеңилдетип берсе, ошондо Кантты кеңейтсе кеңейтсин. Бирок эки мамлекет тең пайда көрө турган болуш керек.

Орусия Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири. Өткөн жылы эки мамлекеттин соодасынын көлөмү 400 миллион долларга жеткен. Ал эми быйылкы жылдын алты айында өткөн жылга салыштырмалуу эки тараптуу сооданын көлөмү өстү дейт Экономика, өнөр жай жана тышкы соода министрлигинин КМШ башкармалыгынын башчысы Татьяна Рец:

- Кыргызстан менен Орусиянын соодасы алты айда 14% өсүп, 200 миллион доллардан ашты. Албетте, бул соодада Кыргызстандын экспортунун көлөмү төмөн.

Кыргызстандын каржы министрлигинин делегациясынын Москвага сапары учурунда тышкы карыз маселеси талкууланган. Карыз ордуна кыргыз тарап бир катар ишканалардын акцияларын сунуштаган. Бирок орус тараптан ал сунуштарга ушул кезге чейин эч кандай кызыгуу көрсөтүлгөн жок, дейт Татьяга Рец.

Талдоочулардын пикиринде, кыргыз-орус жетекчилигинин ортосундагы негизги маселелердин бири “Манаста” жайгашкан АКШ аскерий базасын чыгаруу мөөнөтүн тактоо болушу ыктымал. Москва анын чыгарылышы керектигин ар кандай жолдор менен эскертип келатат. Ал эми Кошмо Штаттар тескерисинче көбүрөөк мөөнөткө калууга кызыкдарлыгын жашырган жери жок. Ошондуктан сентябрь айына Москвага, октябрь айына Вашингтонго белгиленген сапар алдында бул маселе кыргыз жетекчилигинин баш оорутмасы болушу мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG