Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:09

ИРАК КОНСТИТУЦИЯСЫ ПАРЛАМЕНТКЕ ТАПШЫРЫЛДЫ


Ирактын жаңы Конституция долбоору 3 айга созулган талаштардан кийин даярдалып бүттү. Документ жекшемби күнү шийилер басымдуулук кылган Улуттук жыйынга тапшырылды, андагы бир катар маанилүү жоболорго каршы болуп келаткан суннилер эми Конституцияны 15-октябрдагы референдумда өткөрбөөгө аракет кылаарын жарыялашты.

Жекшембиде Конституция долбоорун парламентке сунуш кылып жатып, документти даярдаган комитеттин төрагасы Хумам Хаммуди терең курсанттыгын билдирди:

- Биздин терең ишенимибизде, бул Конституция – жалпы чөлкөм жана Ирак эли үчүн өнүгүүгө жол ача турган чоң тажрыйба болот.

Парламент Конституция долбоорун кабыл алды, бирок азырынча ага добуш бере элек. Ирактын өткөөл мыйзамдары боюнча, Улуттук жыйын – Башмыйзамды даярдоо иши үчүн жоопкер, бирок аны референдум алдында жактырууга милдеттүү эмес.

Ирактын президенти Жалал Талабани өлкөдөгү бардык улуттук жана диний тайпалардын өкүлдөрү Башмыйзамды колдоп берет деген ишеничин билдирди:

- Конституциянын тегерегиндеги сүйлөшүү, талаш-талкуулар Ирак элинин улуттук жана диний айырмачылыктарына карабастан, жалпы биримдигин бекемдөөгө жол ачат.

Ирак өкмөтү менен парламентинде үстөмдүк кылган шийилер менен күрттөрдүн өкүлдөрү жаңы Конституцияны антип кош колдоп кубаттап жатканы менен, суннилер майрамдык маанайга кошулбай, тескерисинче көңүлү чөгүп турганын айтып жатышты. Конституциялык комитеттин башчысынын кеңешчиси Али ал-Мушхадани суннилер каршы чыккан маселелер чечилбей калганына нааразы:

- Биз бүгүн Башмыйзамдагы элдин, өлкөнүн биримдигине шек келтирчү, борбордук бийликтин таасирин азайткан беренелерге таң калып отурабыз. Кириш сөздөн баштап бардык бизди нааразы кылган жоболор ошол бойдон калтырылды, мен кесипкөй мыйзамчы катары мындай документке кол кое албайм, кийин соттордун сынына кабылгым келбейт.

Ирактын жаңы Конституциясы өлкөнүн курамында федералдык чөлкөмдөрдү түзүүгө укук берет, автономиялуу Күртстан регионун тааныйт, бирок келечекте башка чөлкөмдөргө автономиялык укуктар берүү маселесин парламенттин кароосуна калтырат. Жакында шийилер өз регионуна автономия берилишин талап кылышкан, суннилер минтип отурса, өлкөнүн аймактык биримдигине сокку урулат деген пикирде.

Суннилер андан тышкары Конституцияда “Саддам Хусейн башында турган “Баас” партиясына тыюу салынат” деп жазылышына каршы чыгышкан, эмки долбоордо ал берене бир аз жумшартылып, “Баастын” саддамчыл ураандары менен символдоруна тыюу салынат” деп жазылды. Ага кошумча суннилер Ирак араб республикасы деп аталышын талап кылышкан, бирок күрттөр жана башка улуттук азчылыктардын укуктары эске алынып, араб деген сөз алынып салынды.

Айтор, бир дагы сунни саясатчы Башмыйзамга канааттанганын айткан жок, алар эми 15-октябрдагы референдумда долбоорду өткөрбөөгө аракет кылабыз деп жарыялашты. Күрттөр эгерде Конституция референдумда өтпөй калса, анда толук көз карандысыздык үчүн күрөштү баштаарын эскертүүдө.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG