Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:46

ПРЕЗИДЕНТ БУШКА ДАГЫ БИР ЖОЛУ ИРАК САЯСАТЫН ЖАКТООГО ТУУРА КЕЛДИ


Кошмо Штаттарында өткөрүлгөн соңку сурамжылоолор көргөзгөндөй, президент Жорж Буштун рейтинги быйыл жайында кыйла төмөндөп кетти. Президенттин Техастагы резиденциясынын алдында Иракта каза болгон аскердин энеси баштаган антисогуштук кампания уланып жатса, конгрессмендер Буштун Ирактагы стратегиясын улам-улам талкулашууда. Президент болсо Ирактагы стабилдүүлүк АКШнын коопсуздугу үчүн өтө маанилүү деп, америкалыктарды ынандырууга аракет жасоодо.

Буш Ирактагы согушка байланыштуу өсүп жаткан нааразылыктын жаңы толкунуна туруштук берүүгө аракеттенип, террорго каршы уруш тез эле аяктай койбойт деп актанды:

- Терроризмди колдогон, аны эркин улуттарга жайылткан каңкор диктатор башкарып келген өлкөнү калыбына келтирүү үчүн көп убакыт, курмандыктар талап кылынат, - деди өткөн жумада Буш АКШнын Улуттук гвардиясынын Айдаходогу аскерлери менен жолугушуп жатып.

Президенттин мекендештери арасындагы рейтинги мурда болуп көрбөгөндөй төмөн деңгээлге түшүп кеткенин акыркы сурамжылоолор айкын көргөзүүдө. Элдин пикирин сурап билүүгө тартылгандардын көбү Ирактагы кырдаал жөнгө салынмайынча америкалык аскерлер ал жерде кала бериши керек дегени менен, “Согушту баштоонун кажети бар беле? Согуш туура жүргүзлдүбү?” - өңдүү суроолор улам көбөйүүдө.

Ушундай соболдорго жооп иретинде Буш Ирактагы согуштун, жалпы эле терроризмге каршы күрөштүн АКШнын ички коопсуздугу үчүн маанилүүлүгүн баса белгилеп келатат. Айдахо штатында сүйлөгөн сөзүндө президент Ооганстан жана Ирактагы уруштарда 2 миңден ашуун америкалык жоокер каза тапканын да кошумчалай кетти.

Ошол курман болгон аскерлердин биринин энеси Синди Шиихан Буштун Техастагы жайкы резиденциясынын алдында нааразычылык акциясын улантып жатат. Америкалык жоокерлердин Ирактан чыгырылып кетишин талап кылган Шииханды колдогондор да, ага каршы чыккандар да арбын.

- Мен миңдеген аскерлердин үй-бүлөлөрүнүн атынан сүйлөп жатам. Биздин балдар кандай асыл максат үчүн согушуп, өмүрлөрү кыйылып жатат? Биз ушуну билгибиз келет, - дейт Шиихан.

Жакында болсо Буштун республикачыл партиясынын мүчөсү, сенатор Чак Хейгель Ирактагы согушту ийгиликсиз аяктаган Вьетнам кампаниясы менен салыштыра кетти.

Бирок вашингтондук белгилүү саясий аналитик Чарлз Кук президенттин партиялаштарынын арасында олуттуу бөлүнүп-жарылуу бар деп ойлобой турганын айтат:

- Демократтардын, эч бир партияга кирбеген шайлоочулардын айрымдары президентти колдогонун көрсө болот. Тескерисинче, анын ойлоруна кошулбаган республикачылар да жок эмес. Бирок алардын саны анча маанилүү деп ойлобойм. Сенатор Чак Хейгелди республикачылардын көбү колдойт деп ишенбейм.

Буштун партиялаштарынын кээ бирлери болсо президенттин администрациясы Ирак саясатын түшүндүрүп, анын маанисин элге жакшылап жеткирүүнүн үстүнөн иштеши керек деген оюн ортого салышат.

30-августта Буш Калифорния штатындагы деңиз аскер базасына барып, дагы бир жолу Ирактагы стратегиясын жактоону пландан жатат.

Синди Шиихан болсо акциясын улантып, Техастан Вашингтондогу Ак Үйгө чейин автобус менен жүрүш жасаганга даярданууда.

XS
SM
MD
LG