Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:31

ИРАК: КОНСТИТУЦИЯ ҮЧҮН КҮРӨШ УЛАНУУДА


Ирактын жаңы Конституциясынын долбоору боюнча катуу талаш жүрүүдө. Либералдуу көз караштагы ирактык аялдар менен секулярдык партиялар Башмыйзамда аялдардын укугу чектелип калбасы үчүн катуу аракет кылып жатышат. Бирок Саддамдын режими кулатылгандан кийин баш көтөргөн кубаттуу шиит партиялары Конституцияга шариятка каршы келген жоболор кирүүсүнө каршы. Алар, айрыкча баш кошуу, ажырашуу, мурасты бөлүштүрүү сыяктуу маселелер шарият жоболоруна ылайык, молдолор тарабынан жөндөлүүсүн жакташууда.

Талдоочулардын ырасташынча, Ирактын жаңы Конституциясынын долбоорунда аялдарга Жакынкы Чыгыштын башка өлкөлөрүндө жок укуктар берилген. Атап айтканда, долбоордо “бардык жарандар жынысына карабай мыйзам алдында тең укуктуу” жана “аялдар добуш берүүгө жана шайланууга укуктуу” экени, аларга парламенттин өкүлдөр палатасында кеминде 25 орун берилээри бажырайта жазылган.

Бирок юрист аялдар менен укук коргоочулар долбоордун айрым беренелери ушунчалык жылма жазылгандыктан, болочокто аны соттор менен диниятчылар каалагандай чечмелеши мүмкүн деп кооптонушууда.

Ирактык укук коргоочу Бушра Самарайи Улуттар Уюмунун аялдарды өнүктүрүү кору-ЮНИФЭМдин Ирак боюнча адиси. Анын сөзүнчө, долбоордогу карама-каршылык “эч бир мыйзам исламдын негиздерине каршы келбес керек” деген беренеден башталат:

- Ислам мыйзамдардын жана жоболордун негизги булагы деп көрсөтүлүп, андан соң демократия жана укук жөнүндө жазылган. Бул аныктама аялдардын укугун өтө эле чектеп койот. Алар - өкмөт аялдардын жумушка орношуусуна жардам берет, аялдар эркектер менен Шарият чегинде тең укуктуу дешүүдө. Андай болгондо, буга чейин сот болуп иштеп жүрүшкөн ирактык аялдар, болчокто сот болуп иштей алышпай калат. Анткени, сот болуп иштөө ислам мыйзамдарына каршы келет.

Ирактык адистер Жакынкы Чыгышта өтө билимдүү саналат. Ошол эле учурда калктын уруучулук жана диний каада-салттарды сактаган жакыр бөлүгү башка өлкөлөргө салыштырганда бир кыйла көп. Андан пайдаланып, Саддамдын тушундагы башкаруучу секулярдык БААС партиясы акыркы мезгилде шииттерге таянган күчтүү диний партияга айланды.

Диний партиялар Конституцияда “үйлөнүү, ажырашуу, мүлктү бөлүштүрүү жана мурастоо сыяктуу турмуштук маселелердин шариятка ылайык чечилсин” деп жазылышын жактап жатышат.

Укук коргоочулар менен айрым байкоочулардын айтышынча, Башмыйзамда ислам жана демократиянын негиздерин бирдей абалга койуу азырга чейин колдонулуп жаткан Граждандык кодексе каршы келет.

Бушра Самарайи айым бул тууралуу минтет:

- Азыркы мыйзам боюнча, сен кайсы бир маселелерди өзүң тутунган диний сектанын жоболоруна ылайык, бирок жарандык мыйзамдарды бузбай чечсең болот. Ал эми жаңы Конституцияга ылайык, сен талаш ишти диний секта карманган адат-салтка жараша жөндөп, граждандык мыйзамдар тууралуу башың оорубашы керек.

Самарайи айымдын пикринче, берегидей аныктама үй-бүлөлүк маселелерде, анын ичинде ажырашкандан кийинки балдарды бөлүштүрүүдө эркектерге артыкча укук берет жана аялдардын жогорку окуу жайлардан билим алуусуна биротоло бөгөт койушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG