Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:08

“КАТРИНА” АЛГАЧКЫ КУРМАНДЫКТАРГА АЛЫП КЕЛЕ БАШТАДЫ


Кошмо Штаттардын тарыхындагы эң ири табигый кырсыктардын бири алгачкы курмандыктарга алып келе баштады. Дүйшөмбүдө «Катрина» деген ураган Миссисипи штатында 80 чакты кишинин өмүрүн алып кетти. Кошуна Луизиана штатындагы Нью-Орлеан шаарынын борбору болсо толугу менен суунун астында калды.

Нью-Орлеандын мэри Рэй Нагин шейшемби күнү билдиргендей, шаарды коргоп турган тосмолор урагандын күчүнө туруштук бере албай, Понтчартрэйн көлүнүн ташкындаган суусу калаанын борборун толугу менен каптады:

- Нью Орлеандын 80 пайыздайы суунун астында калды. Шаардын айрым бөлүктөрүндө суунун деңгээли 6 метрге жетет. Кээ бир жерлерде дамбалар кыйрап, суу көтөрүлүүдө.

Шаардын тургундарынын айрымдары жекшембиде берилген буйрукка баш ийбей же андай мүмкүнчүлүктүн жоктугунан улам, эвакуацияланбай калды. Алардын кээ бирлери имараттардын чатырларында жардам күтүп отурушат, - деп кошумчалады Нагин.

Улуттук гвардиянын аскерлери, өрт өчүргүчтөр тик учактар, кайыктардын жардамы менен шаарды көзөмөлдөп турушат. Мунай ташыган танкерлердин бири катуу шамалдан улам жээке урулуп, кара май сууга төгүлө баштады, - деп маалымдады мэр.

Тюлэйн Университетинин медициналык борборунун вице-президенти Карен Тройер-Каравэй СNN телеканалына ташкынды мындайча сүрөттөп берди:

- Суу негизинен Канал көчөсүн каптап келатат. Имараттын өйдөкү кабаттарынан көчөдөгү толкундарды көрсө болот. Суу абдан ылдам агууда.

Шаардын ортосундагы Канал көчөсү тарыхый Француз кварталы менен Нью-Орлеандын бизнесс борборун бөлөт.

Деңиз деңгээлинен төмөн жайгашкан шаарды 3 тарабынан суу курчап турат. Тройер-Каравэй шаардагы насостордун кубаты азыркы кырдаалда жетишсиз болуп калды дейт:

- Луизиана штатынын полициясынан алынган маалыматка ылайык, 17-көчөдөгү тосмодогу тешиктин чоңдугу эки чоң үйдөй болот. Шаардагы бардык насостор ишке тартылса да, алар Пончартрэйн көлү менен таймаша албайт. Суунун деңгээли көтөрүлүп жатат, ал канчалык тез көтөрүлгөнүн да айта албайм.

Кошуна Миссисипи штатынын губернатору болсо ураган 80ге жакын адамдын өмүрүн кыйганын билдирди. Билокси шаарында 30дай киши турак жай комплекси кыйраганда урандылардын астында калып, каза тапты.

Курман болгондордун саны мындан ары да өсүшү мүмкүндүгү болжолдонууда. Башка жерлерге эвакуацияланган элдерге дагы бир нече күнгө чейин үйлөрүнө кайтпай туруу сунушталы. АКШнын өкмөтү өз өлөң-төшөгүнөн айрылган 10 миңге жакын киши үчүн 1 айлык мөөнөткө убактылуу баш калкалай турган жайларды даярдап жатат.

Катуу шамаал 1 жарым миллионго жакын кишини электр кубатысыз калтырды. Аны калыбына келтирүү үчүн 2 айдай убакыт талап кылынмакчы.

XS
SM
MD
LG