Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:52

ИРАН УРАН ТАЗАЛООНУН ЖАҢЫ ЫКМАСЫН ТАПТЫ


Иранда окумуштуулар кен аралашмасынан уран бөлүп алуунун арзан жана жөнөкөй жолун - биологиялык ыкмасын ойлоп таап, аны ийгиликтүү сынактан өткөргөнүн шейшемби күнү Тегеран телеканалы кабарлады. Бирок бу кабардын чын-төгүнүн иран илимпоздору менен ырасмий өкүлдөр азырынча ырастай элек.

Жаңы технология, айтымда, урандуу кендин кошулмасынан атайын бактериялардын жардамы менен “сары уютма” бөлүп алганга мүмкүндүк берет.”Сары уютма” деп илимпоздор тазаланган уранды айтышат. Бул процесс алты жылга созулат, бирок ал уран өндүрүүнү алда канча арзандатат жана айлана-чөйрөгө чоң салака тийгизбейт.

Швециялык эксперт Шаннон Кэйл бул процесс уранды кендин кошулмасынан ажыратып, аны “сары уютмага” айлантуунун биринчи элементи экенин ырастады. Деген менен жаңы технология Иранга көп деле артыкчылык алып келбейт. Уранды ядролук отунга айлантуу үчүн андан башка да толгон-токой процесстер талап кылынат. Ошол эле учурда Кейл муну ирандыктар жайчылык максаттагы атомдук иликтөөлөрүн улантып, алга жылыш жасап жатканын, бу чөйрөдөгү иштерди, европалыктар менен америкалыктар талап кылгандай, тыптыйпыл токтотуп салганга ниети жок экенин да далилдейт, деп белгиледи.

Ирандыктар азыр Исфахандагы илимий борбордо уран байытышат. Европалык үч өлкө - Британия,Германия жана Франция – быйыл Тегеранды бул ишти убактылуу токтотконго көндүрүшкөн эле. Бирок августтун башында Исфахандагы борбор кайра иштей баштады. Ушундан улам европалык үч өлкө Тегеран менен сүйлөшүүлөрдү токтотуп, иран маселесин ООНдун коопсуздук кеңешинин кароосуна өткөрүп берүүнү караштырып жатышат. Мындан эки күн мурда Франциянын президенти Жак Ширак иран бийликтерин өз чечимин өзгөрткөнгө чакырып,Тегеранды дагы бир, калыбы, акыркы жолу эскертти. Иран менен сүйлөшкөнгө дале мүмкүнчүлүк бар, деп айтты ал. Тегеран жоопкерчилигин көрсөтүп, кызматташтык жана ишеним кырдаалын кайра түзүшү керек. Болбосо бу проблеманы ООНдун коопсуздук кеңешине караганга туура келет, деп айтты Жак Ширак.

Ирандын өкүлү Али Ларижани жакында Венада МАГАТЭнин башчысы Мохаммед ал-Барадей менен жолуккан соң Тегеран жаңы сунуштарын даярдап жатканын, бир айдын ичинде ал европалыктарга бериле турганын айткан эле. Соңку маалыматтарга караганда, Тегеран бул талкууга башка да өлкөлөрдү тартууну көздөп жаткандай. Кошмо Штаттары болсо мунун баарын Тегерандын демейдеги көз жазгырмай амалы катары баалады. Иран өзүнүн атомдук программасы жалаң жайчылык максаттарды көздөйт дегени менен иш жүзүндө ядролук куралга ээ болгусу келет, деп билдирди мамлекеттик департаменттин өкүлү.

Тегеран мындай ырастаманы кайрадан четке какты. Ирандын коргоо министри генерал Мостафа Нажжардын айтымында, аятолла Али Хаманеи атом технологиясын адамдарды кыямат-кыргынга салуу үчүн колдонгонго исламдын эрежелери жол бербейт деп ырастаптыр.

XS
SM
MD
LG