Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:58

ШАЙЛОО АЛДЫНДАГЫ ООГАНСТАНДАГЫ АБАЛ


Нарын АЙЫП, Прага 18-сентябрда Ооганстанда парламенттик шайлоо өткөрүлөт жана ага азыр өлкө жетекчилиги гана эмес, эл аралык уюмдар дагы кызуу даярданууда. Европа Биримдиги, мисал үчүн, өлкөгө 140 байкоочу жиберет жана аларга - атайын даярдыктан өткөн жети миң ооган жараны жардамдашат.

Европа Биримдигинин атайын миссиясы жакында Ооганстанга келип, шайлоо алдындагы абал менен таанышып кетти жана өкүлчүлүктүн жетекчиси Эмма Бонино 30-августта Биримдиктин эл аралык маселелер боюнча комитетинде чыгып сүйлөп, абал менен евродепутаттарды тааныштырды. Анын айтымында, шайлоо белгиленген мөөнөттө өтөөрүндө жалпысынан шек жок, бирок ар башка кокустуктар да болушу мүмкүн:

- Өлкөнүн түштүк жана түштүк-чыгыш аймактарында 20 миң эл аралык аскер жайгаштырылганына карабай, көптөгөн тартипсиздиктер болуп жатат. Калган аймактар болсо салыштырмалуу тынч. Тартип негизинен баңги зат саткандар жана башка кылмышкерлер тарабынан бузулууда. Менин оюмча, добуш берүү күнү жакындаган сайын тартипсиздик күчөшү мүмкүн.

Шайлоону үзгүлтүккө учуратуу максаты менен Талибан кыймылынын калдыктары ар башка чараларды көрүүдө жана добуш берүүгө катышпагыла деп элди коркутат. Катталган төрт талапкер өлтүрүлүп да кетти, алардын акыркысы, Хаж Абдулла деген талапкерди белгисиз адамдар 26-августта Урузган провинциясында атып кетишти.

Парламенттик шайлоо былтыр өткөрүлмөк, бирок алгач апрелге чейин, андан соң сентябрга калтырылган. Октябрда өткөн президенттик шайлоо алдында он жарым миллион шайлоочу катталган, бирок андан бери тизмелер такталып, дагы бир миллион 700 миң жаңы шайлоочу пайда болду, каттоо жараяны 8-сентярбда гана аяктайт, ошондуктан тизмелер тагы такталууда.

Австрия менен Англияда 14 миллион бюллетен басылып даярдалды. Шайлоочулардын бармактарын белгилей турган боек Канададан алып келинет, шайлоо кутулары кошуна Пакистанда жасалды. Алыскы тоолуу аймактарга бюллетендерди жеткирүү үчүн эки миң эшек да даярдалды.

Шайлоочулардын 44 пайызын аялдар түзөт, бирок депутаттыкка көрсөтүлгөндөрдүн 10 гана пайызы аял, анткен менен атайын кабыл алынган чечим боюнча, парламент мүчөлөрүнүн 25 пайызы аял болууга тийиш жана ал үчүн атайын квота бөлүнгөн.

Батыш байкоочуларын тынчсыздандырган дагы бир нерсе - талапкерлер арасында мурда аскерий кылмыш жасап же адам укуктарын бузган жетекчилер көп, бирок алардын баарын шайлоодон четтетүү мүмкүн эмес, эгер аларга каршы катуу чара көрүлсө, өлкөдө элдик толкундоо чыгып кетиши мүмкүн. Анткен менен 11 талапкер дал ошондой себептер менен шайлоодон четтетилди.

XS
SM
MD
LG