Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:35

“КАТРИНА” АКШнын ТҮШТҮК ЖЭЭГИНЕ АЛААМАТ АЛЫП КЕЛДИ


Акыркы маалыматтарга караганда, Кошмо Штаттардын тарыхындагы өтө чоң бороон-чапкын жүздөгөн адамдардын өмүрүн алып, жүз миңдеген адамдарды там-жайсыз калтырды көрүнөт. Табигый апааттын зыяны миллиарддаган доллар болоору, дүйнөлүк экономикага да таасир этери айтылууда. АКШнын чукул кырдаалдар кызматы “Катрина” деп аталган бороон алып келген алааматка каршы күрөшүүдө. Суу чайган Жаңы Орлеан шаарынын оң миңдеген тургундары коопсуз жайларга көчүрүлгөнү жатат.

Кошмо Штаттардын Мексика булуңун бойлой кеткен бөлүгү чоң апаатка кабылды. Жарым миллион элдүү Жаңы Орлеан шаарынын жарымынан көбү суу астында калганы кабарланууда. Луизиана, Миссисипи штаттарында он миңдеген тамдар катуу шамалдын же суунун толкунуна туруштук бербей кыйрады. Кан жолдор да бузулуп, байланыш үзүлгөндүктөн бийликтер топон сууда набыт болгон адамдардын так санын билбейт.

“Катрина” жерди жууп өткөндөн бир күндөн кийин Луизиана штатынын губернатору Катлин Бланконун маалымдашынча, бийликтер эмне айла кылганды билбей, маң болуп турат:

- Көптөгөн адамдардын өмүрү зобун болду. Бизде тирүү калган адамдар тууралуу эч кандай кабар жок.

Калифорнияда дем алышта жүргөн президент Жорж Буш куткаруу иштерин баштоого мүмкүн болбой жатканын шейшемби күнү билдирди. Ал куткаруу иштерине көңүл бөлүү үчүн шаршемби күнү Вашингтонго келет.

Алабама, Миссисипи жана Луизиана штаттарында эки миллион адам электр энергиясыз калып, жүз миңдеген адамдар шашылыш көчүрүүгө, азык-түлүккө жана таза сууга муктаж.

Американын Кызыл Чырым уюмунун өкүлү Лесли Симмонс соопкерчилик уюму Кошмо Штаттардын тарыхындагы эң чоң куткаруу иштерин баштап жатканын, анын кызматкерлери өткөн жумада Флориданын калкына көмөк көрсөткөнүн маалымдады:

- Флоридадан Техаска чейинки жолдордо биздин паанек жайларыбыз бар. Менин оюмча, бороон жылып бараткандыктан, Жоржия штатында да андай жайларды ачат окшойбуз. Жамгыр да нөшөрлөп төгүп жаткандыктан, биз адамдарга жардам бере алабызбы, аны тактап алышыбыз керек. Бул чынында эле Американын Кызыл Чырымы үчүн өтө оор мезгил болууда.

Улуттук гвардия, Ички коопсуздук агенттиги жана АКШнын чек ара кызматы да топон суу баскан аймактардагы куткаруу иштерине тартылган. Бирок тилсиз жоонун кубатына каршы туруу кыйын болууда, дешет алар.

Алдын ала эсептөөлөргө караганда, камсыздоо кызматтары кардарларга 26 миллиард доллар төлөп берээри болжолдонууда. Бул сумма 1992-жылкы “Андрю” бороону жана 2001-жылдын 11-сентябрындагы террдук чабуулдун финансылык зыянына тете келет.

Жаңы Орлеан Мексика булуңундагы мунай-газ өнөр жайынын борбору. Бул жерде АКШнын мунайды кайра иштетүүчү өнөр жайынын маанилүү ишканалары жайгашкан. Андыктан, табигый апаат АКШнын отун-энергетика тармагына олутуу зыян алып келээри шексиз. Бул, адистердин айтышынча, глобалдык экономиканын өсүү ыраатын саалгытат.

Күтүлгөндөй эле, бейшемби күнү АКШнын сырьелук биржасында бир баррель мунайдын баасы 70 долларга чыкты.

XS
SM
MD
LG