Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:12

ТАНДЕМ КҮЧҮНДӨ: ФЕЛИКС КУЛОВ - ПРЕМЬЕР-МИНИСТР


Азиза Турдуева, Бишкек 1-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы эс алуудан кийинки алгачкы отурумга чогулушту. Бул күнкү отурумда президент Курманбек Бакиевдин премьер-министрликке Феликс Куловдун талапкерлигин бекитүү жөнүндөгү сунушу каралды. Натыйжада депутаттар 55 добуш менен Феликс Куловду премьер-министрликке дайындоого макулдук беришти.

Жогорку Кеңештин жыйынында адегенде президент Курманбек Бакиев сөз сүйлөп, өлкөдө ири саясий окуяларга чекит коюлуп, элге берген убадаларды жана милдеттерди ишке ашырууга убакыт келгендигине токтолду:

- Элдин талабы менен, жараткандын буйругу менен биздин өлкөдө чоң өзгөрүүлөр башталды. Азыр эл бизден чоң иштерди, өлкөнүн өнүгүүсүн күтүп жатат. Биз ыңкылапта берген убадаларыбызды аткарышыбыз керек.

Курманбек Бакиев андан аркы cөзүндө депутаттардан Феликс Куловду өлкөнүн премьер-министрлик кызматына дайындоого макулдук берүүнү өтүндү:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46 жана 58-беренелерине ылайык өлкөнүн Жогорку Кеңешине макулдук берүү үчүн премьер-министрлик кызматка Кулов Феликс Шаршенбаевичтин талапкерлигин сунуш кылам. Кулов буга чейин коомдук жана саясий ишмер катары мамлекетибиздин түптөлүшүнө жана анын демократиялык өнүгүүсүнө бир топ аракетин кошуп келди жана мындан ары да күч-аракетин, тажрыйбасын, уюштуруучулук жөндөмүн өкмөт башчысы катары өлкөбүздүн социалдык-экономикалык абалын оңдоого жана аны бийик даражага жеткирүүгө жумшайт деп ишенем.

Андан соң Феликс Кулов өзүнүн социалдык-экономикалык программасы менен депутаттарды тааныштырды. Ал өлкөдө коррупциялашкан базар экономикасын эмес, адамдын эң зарыл муктаждыктарын канааттандыруучу экономиканы тез арада өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

Куловдун социалдык-экономикалык программасы жалпысынан өлкөдө кедейчиликке каршы күрөшүү багытында жүргүзүлө турган кечиктирилгис чараларды жана экономикалык, социалдык тармактардагы маселелерди чечүү боюнча орто мөөнөттүү чараларды камтыды.

Премьер-министрликке талапкер бир нече айдын ичинде өлкөдө жакыр турмушта жашаган адамдардын социалдык кыйынчылыктарын жойууга багытталган бюджетке өтүүнүн, өкмөттүн сарптоо боюнча милдеттенмелерин оптималдаштырууну ишке ашыруунун, бюджеттик ачык-айкындуулукту жогорулатуунун, салык системасын өзгөртүү макроэкономикалык туруктуулукка зыян келтирбегидей кылып ишке ашыруунун зарылдыгы жөнүндө белгиледи.

Кулов ошондой эле коррупциялык системаны жойууга аракет жасаарын айтты:

- Мен коррупцияга каршы чечкиндүү күрөшөм. Менин үй-бүлөм коррупцияланбайт. Менин командам да коррупцияланбайт. Элдин ишенимин актабоого менин укугум жок .

Андан соң Кулов депутаттардын айрым суроолоруна жооп берди. Анын айтымында, жаңы өкмөт мүчөлөрүн дайындоодо алардын кесиптик деңгээлине көңүл бурулат жана чоң жоопкерчилик талап кылынат.

Кулов белгилегендей, азыркы парламентти таратуу жөнүндөгү айрым саясатчылардын пикирлери негизсиз.

Добуш менен талкууга бир саат жетишет деп бекитилген убакыт бүткөн соң, айрым депутаттар Ф.Куловго суроолорду берүү жана анын талапкерлигин талкуу мөөнөтүн узартууну сунушташса, дагы бир бөлүгү талкууга көп убакыт бөлбөй эле, эсеп комиссиясын түзүп, Куловдун талапкерлигине добуш берүү процедурасына киришүүнү оң көрүштү. Төрага эки сунушту добушка койду. Убакытты чектебей, Куловдун талапкерлигин талкуулоо сунушу өткөн жок.

Парламенттин регламентине ылайык, палатадагы фракциялардын бирден өкүлүнө сөз берилгенден кийин 7 депутаттан турган эсеп комиссиясы түзүлүп, жашыруун добуш берүү болду. Натыйжада жыйынга катышкан 66 депутаттын 55и Феликс Куловдун премьер-министр болушуна макулдук беришти.

Куловдун талапкерлиги жактырылган соң, биз айрым депутаттардын жаңы премьер-министр боюнча ой-пикирлерин сурадык. Депутат Аскар Салымбековдун жообу төмөндөгүдөй болду:

- Бул элдин талабы болду. Анткени, эл президенттик шайлоо алдында тандемди колдогон. Президенттик шайлоонун тынч өтүшүн да ушул тандем менен байланыштырып жатышат. Анын үстүнө, Кулов менен Бакиев шайлоо алдында эгерде Бакиев президент болуп шайланса, Кулов премьер-министр болот деген келишимге кол коюшкан. Ал келишим да сакталышы керек .

Депутат Марат Султановдун пикиринде, премьер-министрликке татыктуу талапкер көрсөтүлдү:

- Кулов өкмөт башчы болуп иштеши керек. Ага анын даярдыгы да жетиштүү. Ал бардык тепкичтерден өткөн – губернатор болду, министрдик кызматтарда иштеди, шаар башчысы болду. Менин пикиримде, өкмөт башчысы болуу үчүн анын тажрыйбасы жетиштүү. Премьер-министр болууга анын моралдык жактан да укугу бар .

XS
SM
MD
LG