Ирандын өзөктүк изилдөөлөрүнөн чыккан маселени Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин күн тартибине киргизүүнү АКШ көптөн бери сунуш кылууда, бирок акыркы мезгилге чейин Европа мамлекеттери ал сунушту колдобой, маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракеттенип келген.
Өткөн жылы Иран менен Алмания, Британия жана Франциянын өкүлдөрү ортосунда бир нече сүйлөшүү өтүп, ноябрда Иран өзүнүн өзөктүк программаларын убактылуу токтотууга макул болгон. Ага жооп катары европалык мамлекеттер Тегеранга бир топ соода жеңилдик берип, башка да жардам көрсөтүүнү убада кылган жана андай сунуш үстүбүздөгү жылдын 1-августуна чейин жасалууга тийиш болчу.
Бирок европалык мамлекеттер расми сунушту кечигип жасаганынан пайдаланып, Иран 1-августта өзүнүн Исфахан шаарындагы өзөктүк ишканасын кайрадан ишке киргизээри тууралуу жарыялады жана эл аралык инспекторлордун көзөмөлү алдында ал кийин чындап эле иштей баштады. Ошондуктан европалык министрлер шашылыш жыйын өткөрүп, Тегеран менен жаңы сүйлөшүү өткөрүүнү сунуш кылууда, бирок андай сүйлөшүү башталыш үчүн Иран өзүнүн өзөктүк изилдөөлөрүн сентябрдын ортосуна чейин кайрадан токтотууга тийиш.
Британиянын тышкы иштер министри Жек Стронун айтымында, Иран мурда түзүлгөн келишимди бузду:
- Бардык мүчө-мамлекеттер Ирандын өзөктүк программалары кайра башталганы боюнча тынчсызданууда жана аны менен өткөн ноябрда Парижде түзүлгөн келишимди Тегеран бузду деп эсептейт. Иран өз турумун кайра карап чыгаарына Европа Биримдиги үмүттөнөт.
Анткен менен Батыш жана АКШга каршы да сын-пикирлер айтылууда. Британиянын мурдагы кубат министри Тони Бен 31-августта "Гардиан" гезитинде жарыяланган макаласында түзүлгөн абал үчүн АКШ президенти Жорж Бушту күнөөлөп, эгер Вашингтон жана башка өнүккөн мамлекеттер улам жаңы курал чыгарып, өздөрүнүн өзөктүк изилдөөлөрүн кеңейтпесе, башка өлкөлөр дагы өзөктүк куралга ээ болууга умтулбайт болчу деп билдирди. Анын айтымында, Иранга кошуна Израил көптөн бери өзөктүк куралга ээ, бирок АКШ ага каршы чыккандын ордуна Израилге эбегейсиз аскерий жардам көрсөтүүдө.