Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:22

ЖАҢЫ ОРЛЕАНГА ЧУКУЛ ЖАРДАМ КЕЛҮҮДӨ


Бүбүкан Досалиева, Прага шаары Жамгыр аралаш бороон-чапкындан ("Катрина" ураганынан) кийин ачык асман алдында калган Жаңы Орлеан шаарына азык-түлүк жана башка буюм-тайымдарды ташыган машиналар АКШнын Улуттук гвардиясынын коштоосу менен келе баштады. Аскерлер суунун туткунунда калган элди бошотууга жана аларды азык менен камсыз кылууга көмөктөшүүдө. Кечээ президент Жорж Буш ташкын каптаган аймакка келип, Миссисипи жана Жаңы Орлеанды кыдырып чыкты. Эл аралык коомчулук америкалыктарга табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн жардам сунуш кылууда. Эл аралык отун-кубат агенттиги күйүүчү май тартыш болгон АКШга 60 миллион баррел мунай жардам берээрин жарыялады.

АКШ президенти Жорж Буш (George W. Bush) Миссисипи штатынын дүйшөмбүдөгү бороон чапкындан кийин көптөгөн турак үйлөрү ойрон болгон Билокси (Biloxi) шаарын көрүп чыкты. Андан саал мурдараак ал табигый кырсыкка кабылгандарды куткарууга федералдык кызматтар жакшы чара көрбөй жатат деген сын пикирин айткан.

Билокси шаарындагы кыйсыпырды жума күнү өз көзү менен көргөн соң, президент Буш мындай деди:

- Мен мындай ири өлчөмдөгү кыйроого элдин баары эле даяр боло алат деп айта албайм. Силер мындай ды сүрөттөн көрүшүңөр мүмкүн, бирок өзүңөр келип, бир кезде турак үй болгон имараттын босогосуна келип, урандынын үстүнө чыкмайынча, бул алааматты чындап элестете албайсыңар.

Жорж Буш ташкындын туткунунда калган Жаңы Орлеан шаарына да барды. Ал жерде бир нече күндөн бери Жаңы Орлеан Курултай Борборунда тыгылып жаткан жергиликтүү тургундар президентти федералдык куткаруу кызматтарына нааразылык билдирген акаарат сөздөрү менен тосуп алышты.

Шаардын бул жыйын уюштуруучу ири жайында тамак-ашсыз калган миңдеген адамдар тыгылып турду. Имараттын тышында ар жерден жыйналган өлүктөр жатты. Алардын көбү өңү кара түстөгү кишилер, бороондон мурун качып кетээрге кудурети жетпеген кедейлер.

АКШнын кара түстөгү расага таандык атуулдарынын өкүлү, мамлекеттик катчы Кондолиза Райска (Condoleezza Rice) да алар сын пикир менен кайрылып, «аймактагы калк кара түстө болгондуктан, бийлик аларга чукул жардам берүүгө шашылган жок» деген дооматтарды айтышты.

Ал эми Райс бул доону четке кагып, америкалыктар өңүнө карабай бири-бирине жардам берүүгө жарамдуу деп ишенээрин билдирди:

- Америкалыктар өңүнө карап кимге жардам берүүнү же бербөөнү чечет дегенге мен ишенбейм. Америкалыктар бири-бирине боорукер келет.

Жума күнү кечке маалдан тарта Улуттук гвардиянын жоокерлери ташкын жайдан көчүрүлгөн элди Техас штатындагы убактылуу лагерге жайгаштыруу аракеттерин көрө баштады. Кырсыкка туш болгондорго жардам берүү үчүн президенттин 10 жарым миллиард доллар бөлүү чечимин АКШ Конгресси жактырды.

Бирок, адистер Жаңы Орлеан шаарын урандылардан тазалоо үчүн кеминде үч ай зарыл деп жатышат. Жардам берүү тобунун жетекчиси, генерал-лейтенант Карл Строктун (Carl Strock) айтымында, байланыш каражаттарынын жетишсиздиги жардам көрсөтүүдөгү башкы тоскоолдук болуп жатат:

- Бул жерде атуулдар колдонгон байланыш тармагы таптакыр ойрон болду. Чөнтөк телефондорду жана зымсыз байланышты камсыз кылган мунара да кыйраган. Ошон үчүн бул эң чоң көйгөй болууда. Албетте, аскерлер байланыштын башка жабдууларына ээ, бирок, жардамга муктаж эл өз көйгөйлөрү тууралуу кабар бере албай жатат.

Улуу бороон АКШ үчүн бензин өндүрүүчү башкы жайларды да талкалап кетти. Ошон үчүн бүткүл Америка боюнча бензиндин баасы кескин көтөрүлдү.

Өлкө үчүн оор ушул кырдаалда Эл аралык отун-кубат агенттиги жакынкы 30 күндүн ичинде күнүнө 2 миллион баррел мунайды кошумча өндүрүп, АКШга көмөк катары жөнөтүү чечимин жарыялады.

XS
SM
MD
LG