Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:00

АЙДАР АКАЕВГЕ КАРАТА САЯСИЙ ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛЫНАБЫ?


Чолпон Орозобекова, Бишкек Башкы прокуратуранын парламент депутаты Айдар Акаевди кылмыш жообуна тартууга уруксат берүү боюнча сунушун иликтөө боюнча депутаттык комиссия дүйшөмбүдө өз ишин баштайт. Айдар Акаевди коргоп жаткан адвокаттын айтымында, депутаттык комиссияга түшүндүрмө бериш үчүн ал өзү да Бишкекке келиши ыктымал.

Айдар Акаевдин адвокаты Максим Макоимович 2-сентябрда Жогорку Кеңеш түзгөн депутаттык комиссия менен ар тараптан кызматташабыз деп билдирди:

- Биз комиссияга бүт документтерди жана Айдарга коюлуп жаткан айыптарды четке каккан далилдерди алып келебиз. Комиссия объективдүү иштейт деп үмүттөнөм.

Конституцияга ылайык, мындай кол тийбестиктен ажыратуу маселесин парламент үч ай ичинде чечип бериши керек. Айдар Акаев боюнча акыркы чечим кабыл алууга бир ай гана убакыт калды. Ошондуктан депутаттык комиссиянын иликтөөсүнө да 15 күн гана берилди.

Айрым байкоочулар бул маселени парламент мынча создуктуруштун кажети жок болчу, деп нааразылыгын ачык билдирип жатышат. Кээ бир талдоочулар парламентте акаевчил күчтөр көп экендиги ачык билингенин айтышууда. Москвада жашап жаткан Айдар Акаев болсо каникулга тарап кеткен парламентке бул маселени кийинкиге жылдыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирген.

Депутаттык комиссияга кирген айрым депутаттар Айдар Акаевдин өзү келип, өз оозу менен түшүндүрмө бергени оң деп жатышат. Депутат Хаджимурат Коркмазов юрист катары бул комиссияда иштеп жатып, саясий эмес, укуктук чечим кабыл алам дейт:

- Мен юрист катары саясий эмес, укуктук чечим кабыл алам. Башкы прокуратура берген болгон материалдарды тыкыр иликтеп чыгабыз. Мындай окуя биринчи жолу болуп атат. Кеп Айдар Акаевде эмес, кеп депутаттык кол тийбестик жөнүндө болуп жатат.

Жогорку Кеңештин сессиясында Айдар Акаев парламенттин сесиясына узак убакыттан бери катышпагандыгы үчүн деле депутаттык мандаттан ажыратып койсо болот деген да ойлор айтылган. Бирок депутаттык комиссия бул өңүттөн эмес жалаң Башкы прокуратура берген материалдар боюнча кылмыш иштерин гана иликтемек болду.

Мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин жетекчиси Камбараалы Конгантиев регламент боюнча бир сессияга баштан аяк келбеген депутаттын маселеси көтөрүлүшү ыктымал дейт. Айдар Акаев болсо 27-марттан июнь айынынын соңуна чейин болгон Жогорку Кеңештин биринчи сессиясына келе электиги маалым:

- Регламент боюнча бир сессияга толук катышпаган депутаттын маселесин спикер палатага сунуш кылат. Андан кийин парламенттин чечими БШКга жөнөтүлөт. Айдар Акаевге деле ушул негизди карманууга толук мүмкүн болчу.

Айрым депутаттар Айдар Акаев боюнча укуктук гана чечим кабыл алыш керек деп жатат. Маселен, депутат Темир Сариев саясатты ары таштап, укуктук талаада иликтеш керек деген пикирде. Бирок коомчулукта ириде саясий чечим болуш керек деген ойлор басымдуулук кылат.

Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов да парламент саясий чечим кабыл алат деген ойдо:

- Бул жерде укуктук деген деле, саясий деген деле бир болот. Парламент баары бир уруксат берет деп ишенем. Туура, жакын чөйрөсү, жандап жүргөн адамдары бар болчу. Бирок алар эчак эле күн тийген жакты карап кетишкен. Бизде 24-марттан кийин орусча айтканда “покаяние” деген болбой калбадыбы. Акаевди жандап жүргөндөр деле революцияга катышкан же куугунтук жеген киши болуп чыга келишпедиби. Путиндин тили менен айтканда “котлетин бир бөлөк, чымынын бир бөлөк” кылсак болмок.

Адвокат Максим Максимович болсо ушул күндөрү Айдар Акаев Москвадан убактылуу бир жакка чыгып кеткендигин, жакынкы күндөрү Бишкекке келиши ыктымалдыгын билдирип жатат.

XS
SM
MD
LG