Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:34

ЖАҢЫ ОРЛЕАНДА ТАРТИП КАЛЫБЫНА КЕЛТИРИЛДИ


Амирбек Азам уулу, Прага шаары Бийликтер бир нече күнгө созулган баш аламандыктан кийин Кошмо Штаттардын түштүк жээгиндеги Жаңы Орлеан калаасында тартипти калыбына келтиришти. “Катрина” улуу бороон-чапкынынан соң эптеп күн көрүп жаткан миңдеген адамдар шаардан автобус, учак жана поезд менен коопсуз аймактарга чыгарылды. Аскерий черүү ууру-кескиликти тыйды. Топон сууда канча адам каза тапканы али такталууда.

29-августтан бери Нью-Орлеандын Жыйындар сарайы менен килейген “Superdom“ футболдук стадион-комплексинде жан багып жаткан 40 миңдей адамды көчүрүү жараяны аяктады. Алардын айтышынча, же тамак-аш, же суу жетпей Сарайды пааналап жаткан адамдар кылмыштуу топтордун да зобун-зордугуна кабылышкан.

АКШнын Ички коопсуздук министри Майкл Чертоф ишемби күнү федералдык агенттик шаардагы жагдайды контролдой баштаганын ырастады:

- Жүз миңдеген адамдарды гуманитардык жардам менен камсыздоо бир нукка салынды. Чукул кырдаалдар кызматы күн-түн тынбай иштөөдө. “Aircare” операциясы натыйжасында 4 миңден ашуун адам Жаңы Орлеандан чыгарылды. Биз адамдарды ташуу үчүн аскерий учактарга катар бизге берилген соода (коммерциялык) учактарды да пайдаланып жатабыз.

Там-жайлары “Катрина” бороон-чапкыны ала келген топон суу астында калып, качууга чамасы жетпеген адамдар АКШ өкмөтүнө “тез жардамды учурунда уюштура албады” деп нааразы болууда. Атап айтканда, түпкү теги африкалык болгон америкалыктардын жамаатынын жетекчилери расмий Вашингтонду элди, айрыкча, теги африкалык ынды караларды жардамсыз калтырды деп күнөөлөштү.

Азырынча улуу бороондо жана аны коштой келген суу ташкында набыт болгон адамдардын саны беймаалым.

XS
SM
MD
LG