Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:48

ШИМПАНЗЕНИН ДНКсы ЧЕЧМЕЛЕНДИ


Шаршембиде америкалык илимпоздор шимпанзенин ДНКсын чечмелешкенин жарыялашты. Эми адам баласына эң жакын маймылдын генин адамдын геному менен салыштырып, эволюциялык процесстерди аныктоого шарт пайда болду.

Изилдөөгө дүйнөнүн 5 өлкөсүндө жайгашкан 18 илимий институт тартылган. Аны АКШнын Улуттук изилдөө институту каржылап, 25 миллион долларга жакын каражат сарпталды. Жаңы ачылыштын жардамы менен алгачкы жолу тарыхта адам менен маймылдын гендерин салыштырууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Окумуштуулар эки жандык ортосундагы айырмачылыкка алып келген 40 миллион молекулалык өзгөрүүлөрдү аныктай алышты.

Практикалык деңгээлде эми: “Эмне үчүн маймылдардын организми адам баласы чалдыгып жүргөн СПИД, сарык, безгек, Альцгеймер өңдүү дарттарга туруштук бере алат?” - деген суроого жооп алса болот. Өз кезегинде мындай маалымат көп илдеттерди алдын алуу же алардан айыктырууга жардам бермекчи. Эң негизгиси - илимпоздор “Адам баласын адам кылган эмне?” - деген көптөрүн түйшөлткөн суроого жооп беребиз деп үмүттөнүшөт. Бирок бул оңой болбой турганын окумуштуулар танышпайт.

Буга чейинки изилдөөлөрдө болжолдонгондой, адамдын жана шимпанзенин генетикалык коду 99 пайызга окшош. Бул – алардын теги бир экенин далилдейт. Ошол эле учурда молекулярдык коддогу кенедей өзгөрүүлөр кандай айырмачылктарга алып келээрин түшүнсө болот. Ошол 1 пайыздык айырмадан улам гана адам баласы Жер шарындагы экосистемада үстөмдүк кылат.

Түйүлдүк кезинде адамдын мээсинин клеткалары маймылдыкына караганда көбүрөөк бөлүнөт. Натыйжада чоң кишинин мээси шимпанзеникинен 3 эсеге чоң. Бирок илимпоздор өздөрү моюнга алышкандай, мындай өзгөрүүлөр маймыл менен адамдын акыл-эси, интеллекти, жүрүм-турумуна кандай таасир этээрин алар билишпейт.

Шимпанзелер өздөрүн өздөрү дарылаганды билишет. Алар өсүмдүктөрдүн ачуу сабактарын, жалбырактарды чайнап ичеги инфекцияларынан сакайып кетээри да белгилүү.

Жаңы ачылыштын жарыяланышына байланыштуу кээ бир окумуштуулар жаныбарларды ар кандай эксперименттерге тартуу маселесин дагы бир жолу козгошту. Шимпанзелер адамга жакын болгондуктан, алар медициналык лабораторияларда пайдаланылчу эң ыңгайлуу жандык болуп эсептелет. Кээ бир илимпоздор эми аларды колдонуу артат дешсе, башкалары тескерисинче, мындай практиканы токтотуу абзел деген ойду карманышат.
XS
SM
MD
LG