Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:22

КАРАСУУ БАЗАРЫНЫН БАШЧЫСЫН АТЫП КЕТИШТИ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Августтун төртүнөн бешине караган түнү Фергана өрөөнүндөгү ири базарлардын бири - Карасуу соода биримдигинин деректири Абдалим Жунусовду жана анын жансакчысы Санжарбек Абдиевди белгисиз бирөөлөр атып кетишти. Учурда кылмыштын бетин ачуу үчүн Карасуу райондук ички иштер бөлүмүнүн жана Ош облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамдары оперативдүү иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө. Жергиликтүү талдоочулар окуяны ишкерлик чөйрөсүндөгү таасир талашууга кызыкдар кылмыштуу топтордун аракети катары баалашууда.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орунбасары Чубак Жуманалиев Карасуу базарынын жетекчиси Абдалим Жунусовдун Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Киров айылындагы үйүнө куралдуу кол салуу болгондугу жөнүндө кабар эртең менен саат бештерде келгендигин билдирди. Чубак Жуманалиевдин айтымында, болжол менен “Калашников” автоматынан атылган ок төркү үйдө жаткан Абдалим Жунусовдун жана сөөрүдө уктап жаткан анын жансакчысы Санжарбек Абдиевдин баштарына тийген. Милиция кызматкерлеринин сөзүнө караганда, белгисиз кылмышкерлер автомат үнүн басаңдаткыч каражатын пайдаланганынан улам үй-бүлөнүн калган мүчөлөрү ок кандайча атылгандыгын байкабай да калышкан:

- Опертоп барып тактадык, Абдалим Жунусовдун баш жагына эки ок жара тийген, эки гилза табылды. Эшикте короосунда Санжар деген жигиттин да башына ок тийген. Ошол боюнча азыр иликтөө жүрүп жатат, душмандарын, акыркы иштеген жерлерин карап атабыз, - деди Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орунбасары Чубак Жуманалиев.

Карасуу базарынын жетекчиси Абдалим Жунусовдун үйүнө жасалган куралдуу кол салуунун болжолдуу себептери жана кылмыштын мүнөзү тууралуу милиция кызматкерлери жарытылуу эч нерсе айта албай тургандыктарын билидиришип, комментарий берүүдөн баш тартышты.

- Кылмышты ачуу үчүн азыр иштеп жатабыз. Бул окуя эртең менен саат төрттөрдө болгон, - дейт Карасуу райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Курсан Асанов.

Ал эми өз атын атабоону суранган Карасуу базарында соода кылган адамдардын бири жогорудагы кылмыш иши Фергана өрөөнүндөгү кирешелүү ири базарга ээлик кылууга умтулган үчүнчү бир кылмыштуу топтун колунан келиши мүмкүн деген оюн ортого салды:

- Мурда Абдалим аке менен сүйлөшкөнүбүздө, ал соттошуп атабыз, бул базарды приватташтырганы жатышат, бул элдик базар, мага акчанын кереги жок деген. Базар акысы 60 сомго түшүп, элге жеңилдик болгон. Мунун аркасында базарга кызыккан үчүнчү күч турат деген элдин арасында ушактар жүрүүдө.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Урайым Ташиев жогоруда аталган окуя боюнча кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүгү боюнча “буюртма адам өлтүрүү” деген айыптоонун негизинде кылмыш иши козголгондугун билдирди.

XS
SM
MD
LG