Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:58

КЫРГЫЗ ПРЕЗИДЕНТИНИН МОСКВАГА ЖАСАГАН ИШ САПАРЫ АЯКТАДЫ


5-сентябрда президент Курманбек Бакиевдин Москвага сапары соңуна чыкты. 4-сентябрда башталган сапар учурунда Бакиев орус президенти Владимир Путин баш болгон бир катар жетекчилер менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууларды өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

4-сентябрда Москвага барган Курманбек Бакиев ошол эле күнү орус президенти Владимир Путин менен Ново-Огареводо жолугушту. 5-сентябрда эртең менен Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Борис Грызлов, андан кийин президент Владимир Путин жана премьер-министр Михаил Фрадков менен жолугушуп, сүйлөшүүлөр өткөрдү. Президенттин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, Владимир Путин менен сүйлөшүүнүн соңунда интеллектуалдык менчикти коргоо жана Кыргызстандын карызын жөнгөрүү боюнча келишимге кол коюлду.

Карыз боюнча келишимди каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров мындай баалаган эле:

- Биз 184 миллион доллар карызды реструктризациялоого жетиштик. Анын шарты Лондон эмес, Эвиамдык деп аталат. Ага ылайык карыздын 49 пайызы кечилет. Калган бөлүгүн төлөө 33 жылга чейин жүргүзүлөт.

Бул келишимди өлкөнүн мурунку тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев мындайча баалады:

- Менин оюмча, бул жакшы. Бул Кыргызстан үчүн абдан жеңилдетилген кадам болуп жатат.

Кыргызстан Орусия менен экономикалык байланышты чыңдоого кызыкдар. Тактап айтканда, Камбарата-1, Камбарата-2 ГЭСтерин, алюминий, цемент заводун куруу боюнча долбоорду даярдап жатканы белгилүү. Орус президенти Владимир Путин мурда жетишилген макулдашуулар аткарылат, деп ишендирүүдө. Ал эми кыргыз тарап жогоруда белгиленгендей кызматташуунун экономикалык бөлүгүнө, эмгек мигранттарынын укугун коргоого өзгөчө көңүл бурууда.

Бул максатта бир катар иш чаралар белгиленип жатканы белгилүү. Маселен 8-10-сентябрда Москвада Кыргызстан күндөрү өткөрүлүп, анын алкагында «Кыргызстан-Москва» инвестициялык форум, соода-экономикалык, илимий-техникалык кызматташуу боюнча Кыргызстан-Москва өкмөт аралык комиссиянын жыйынын өткөрүү каралууда. Андан кийин кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиянын жыйыны болмокчу.

Кыргызстан менен Орусиянын мамилесинин күңгөйү менен катар, тескейи да жок эмес. Ошол эле Орусиянын «Коммерсант» гезитинин маалыматы боюнча, Москва Кыргызстандын вице-премьер-министри Данияр Үсөнов, тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева жана коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков батышчыл позицияда деген пикирде болууда. Бул пикирди алардын Москвага барган делегациянын курамына кирбей калышы кайсы бир деңгээлде тастыктап тургандай. Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков мындай божомолдорго минтип жооп берди:

- Исаков батышчыл да, орусчул да эмес. Мен кыргыздын кызыкчылыгын коргогон генералмын. Ошол кыргыздын кызыкчылыгы, мүмкүн кээ бир өлкөлөрдүкү менен дал келбей калышы ыктымал. Андай жараянга туура көз караш керек. Менин оюмча, Орусия менен биздин аскердик мамилебиз жакшы. Эч ким эч кандай тоскоолдук жасаган эмес.

Кыргызстандын тышкы саясатында өлкөдөгү АКШ менен Орусиянын аскерий базалары акыркы кезде кайчы пикирлерди жаратып келатканы белгилүү. Бул абалдан чыгуу үчүн Кыргызстан тышкы иштер министрилиги маселени Бириккен Улуттар Уюмунун деңгээлине алып чыгып, Ооганстандагы кырдаалга ошол жерде баа берилиш керек. Ошондо Кыргызстан абалы жеңилдейт дейт, мурдагы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев:

- Бул маселени Бириккен Улуттар Уюмунун деңгээлине чыгарып, ошол жерде чечиш керек. Ошондо Кыргызстанга жеңилирээк болот.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG