Бул Конституциялык мыйзамды мурдагы кош палаталуу парламент биринчи окуусунда 2004-жылы кабыл алган. Көпчүлүк депутаттар бул мыйзам боюнча өкмөттүн полномочиелери Аскар Акаевдин тушундагы бойдон калып жатканына бушаймандыгын ачык билдирип жатышты:
- Мурунку парламент бул мыйзамды биринчи окуусунда кабыл алып койгон. Премьер- министрге жетиктүү полномочиелерди бериш үчүн Конституцияга өзгөртүүлөр керек. Анын үстүнө, азыр биз өзгөртүү киргизе албайбыз. Анча-мынча гана толуктоолор болушу ыктымал, - дейт депутат Өмүрбек Бабанов.
Депутат Аскар Салымбеков дагы мурунку парламент биринчи окусунда кабыл алып койгон бул мыйзам убактылуу гана иштейт деген оюн билдирди:
- Азыр биз өкмөттүн иши алдыга жылсын деп эле кабыл алып бергени атабыз. Мыйзамды кабыл алып туруп, өкмөттүн түзүмү менен курамын кабыл алып беришибз керек. Өкмөт менен президенттин ыйгарым укуктары Конституциялык кеңешменин ишинен кийин гана такталат.
Конституциялык мыйзамдар парламентте үч окуудан кабыл алынат. Биринчи окуудан кийин ал мыйзамды кайра башынан карап, өзгөртүүгө болбойт. Ошондуктан депутаттар арасында бул мыйзам эчетекени чечпейт жана убактылуу гана иштейт деген ишеним бар.
- Мыйзам боюнча, биринчи окуудан кабыл алынды деген мыйзам кабыл алынды деген сөз. Биздин азыркы талкуубуздан эч кандай натыйжа чыкпайт, - дейт Кубатбек Байболов.
Бирок талкууга катышып отурган өкмөт башчы ар бир берене боюнча талкуунун жүрүшүндө зарыл өзгөртүүлөр болот деген ишенимде. Премьер-министр Феликс Кулов өкмөттүн полномочиелерин кыскартууну же кеңейтүүнү суранбастыгын, эң башкысы кимдин милдети кайсы экени так болуусу зарылдыгын белгиледи:
- Маселе кимде көбүрөөк укук болот дегендикте эмес. Мен өкмөттүн өкүлү катары бийликтин башка бутактарына деле айрым полномочиелерди бергенге макулмун. Башкысы - өкмөттүн милдеттери так болуш керек. Ошондо өкмөт өз милдеттерин сезип, эмнелер үчүн жооптуу экенин билет.
Премьер-министрдин пикиринде, өкмөт өз укуктарын жана милдеттерин так билгенде көшөгө артындагы саясий оюндар токтойт жана Аскар Акаевдин тушундагыдай жок жерден кошумча мекемелерди ойлоп таап, өзүнө баш ийдирип алган башаламандыктар болбойт.
Ошентип, депутаттар бул мыйзамды беренелер боюнча талкууга киршишити. Депутаттар арасында буга чейин колу-буту байлануу болуп келген өкмөт башчынын полномочиесин жакшылап карап чыгабыз деген үмүт бар.
- Өкмөт башчы жок дегенде иштей албаган министрди кызматтан алганга жараш керек. Аскар Акаев болсо болгон бийликти өзүнө топтоп, оюна келгенди жасап келген. Парламент өкмөт башчынын полномочиелерин кеңейткенге аракет жасаш керек. Менин пикиримде, депутаттар колдон келишинче буга аракет кылышыбыз зарыл, - дейт депутат Садыр Жапаров.