Бүгүн Гелманд провинциясында парламенттик шайлоонун талапкери Гадидулла Хандын үйүнүн жанында бомба жарылып, Хан бир аяксыз калды. Ушул эле провинцияда вилает полициясынын акими баш болгон полициячылар буктурмага кабылып, аким менен чогуу үч полициячы жана анын тууганы курман болушту.
Ишемби күнү Забул провинциясында Кошмо Штаттардын аскерий базасына азык-түлүк жана башка заттарды ташып бараткан кербенге кол салынып, чабуулда кербенди күзөткөн үч ооган күзөтчү окко учту. Эрегишчилер Кандагарды өлкө борбору Кабыл менен байланыштырган кан жолдогу полиция бекетине чабуул жасап, бир жоокерди катардан чыгарышты.
Бүгүн Ооган бийликтери апта ортосунда уурдалган Британиялык жарандын жасаты табылганын ырастап, инженердин өлүмү үчүн талиптер менен ал-каидачылардын калган-каткан аскерлерин күнөөлөдү.
Талиптер ишемби күнү жасаган билдирүүсүндө парламенттин депутаттыгына талапкер Ажи Хан Мухаммед Якубини, райондун акими Мухаммад Навап Ханды жана башка үч кишинин өлүмү үчүн жоопкерчиликти өздөрүнө алышты.
Ооганстандын ички иштер министрлигинин өкүлү Машал өкмөт кан жолдорду күзөтүү үчүн чечкиндүү чара көрүп жатканын билдирип, бирок жолоочуларды этиятттыкка чакырды:
- Биз эл аралык коомчулуктун Ооганстанда жашап, бейөкмөт уюмдарда иштеген жумушчуларына чоң шаарлардан сыртка чыкканда этият жана кыраакы болгула деген кеңешибизди мурда эле айтканбыз. Кан жолдордогу коопсуздукту жакшыртуу үчүн Кабул-Кандагар, Кандагар-Герат жана башка өлкөнүн маанилүү кан жолдоруна кошумча полиция күчтөрү жайгаштырылды.