Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, чек ара бекетинде премьер-министрдин кармалгандыгы боюнча протоколдор түзүлүп, ал дароо камакка алынды. Башкача айтканда, буга чейин Жогорку Кеңештин бир нече депутатынын кепилдиги менен үй камагында отурган Николай Танаевге эми баш коргоо чарасы өзгөртүлдү.
Анын адвокаты Максим Максимович ушул эле күнү «Азаттыкка» билдиргенине караганда, Танаев качып кетүү ниетин көздөгөн эмес, бирок анын каталыгы бир күнгө Алматы шаарына кетип жаткандыгы тууралуу тергөөчүлөргө эскертип койбогондугунда болду:
- Николай Тимофеевичти камакка алышты . Азыр ал түрмөдө. Менин билишимче, аны Улуттук коопсуздук кызматына алып барышты. Бирок анын кимдир бирөөдөн жашынуу ою жок эле. Ал жеке иштери менен Алматыга барып келиши керек болчу. Ал болгону тергөөчүгө бул жөнүндө айтып койгон эмес экен. Аны камакка алышканы негизсиз деп эсептейм. Мындай кескин чараны колдонуунун кереги жок эле. Ал бардык сурактарга барып жүрдү. Улуттук коопсуздук кызматына да, Ички иштер министрлигине да, Башкы прокуратурага да барып, алардын бардык суроолоруна жооп берип жаткан. Анын качуу жөнүндө ою жок эле.
Максимович билдиргендей, тергөө иши учурда уланууда, ал эми анын жыйынтыгы кандай болоору жөнүңдө айтуу ал үчүн кыйыныраак. Максимович ошондой эле «Азаттыкка» Танаев этникалык орус болгондугуна байланыштуу анын камакка алынгандыгы жөнүндө Орусиянын өкмөтүн кабардар кылгандыгы жөнүндө да айтты:
- Мен болгон окуя жөнүндө Москвага, орус өкмөтүнө кабарладым. Эми, Николай Тимофеевич этникалык орус да. Менин пикиримде, экс-премьер-министрди бир гана “өзүнүн ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланган” деген күнөө менен камакта кармоо – туура эмес, мындай кескин чараны колдонуу негизсиз. Анын үстүнө ал эч кимди өлтүрбөсө, эч кимди тонобосо...
Экс-премьер-министр Николай Танаев Москвадан Бишкеккке 22-августта өз ыктыяры менен келип, Башкы прокуратуранын тергөөчүсүнүн сурагына жооп бере баштаган. Башкы прокуратура андан жашаган жеринен сыртка чыкпай тургандыгы жөнүндө тил кат алып, камактан бошотуу тууралуу парламент депутаттарынын өтүнүчүнө негизденүү менен камакка алган эмес.
Мурдагы өкмөт башчыга кызматынан кыянаттык менен пайдаланган, бийликте турган кезинде өзүнүн уулу жетектеген курулуш компаниясына административдик-маданий комплекс курулушуна деп, мекеме-ишканалардан акча которткон, Социалдык фонд тарабынан Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин ишке жайгаштыруу департаментине 3 миллион бюджеттик сом мыйзамсыз котортулган деген сыяктуу айыптар коюлууда.
Николай Танаев сурак берүүгө келген күнүнүн эртеси маалымат жыйынын өткөрүп, төмөнкүлөргө токтолгон:
- Мага коюлуп жаткан күнөөлөргө байланыштуу иш кандай болоорун күтө туралы. Мен прокуратура тарабынан берилчү суроолордун баарына жооп берүү үчүн келдим. Күнөөм барбы же жокпу – мыйзам чегинде аныкталат. Ал эми прокуратура тарабынан мага бериле турган суроолор көп болсо керек. Кансе да, мен з жылга жакын премьер-министр болдум, 1,5 жыл биринчи вице-премьер-министр болдум. Мына эки күндөн бери прокуратуранын суроолоруна жооп берип жатам. Мында коркунучтуу эч нерсе жок .
Николай Танаевге карата камакта кармоо баш коргоо чарасын өзгөртүүнү жана аны үй камагына алууну өтүнүп, кепилдик берген депутаттардын бири Өмүрбек Бабанов эгерде Николай Танаев чек арадан өтүү аракетин жасаган болсо, мыйзам чегинде камакта отурушу керек деп эсептейт.
Өлкөдөгү бир катар саясий партиялардын өкүлдөрү да экс-премьер-министрдин тергөө иштери бүтө электе мыйзам бузуу менен чек арадан өтүп кетүү аракетин сынга алышууда. Бул жөнүндө Кыргызстан коммунисттер партиясынын жетекчиси Клара Ажибекова мындай деди:
- Танаев тергөө иштеринин жүрүшүнөн сезе баштаса керек, өзүнүн кылмыштары чыга баштагандыгын. Ошон үчүн акырын башка өлкөгө качып кетейин деди да. Эмесе тергөө иштери бүткүчөктү күтө турбайт бэле. Деги эле мурдагы 15 жылдын ичинде бийликте туруп, элди тоногон чиновниктердин бири да жазалана элек. Алардын баары сот жообуна тартылышы керек. Ошондо азыркы бийлик да таза иштейт.