Олександр Зинченко мурдагы украин президенти Леонид Кучманы бийликтен кулаткан “саргылт ыңкылаптын” башында турган саясатчылардын бири. Ишембиде кызматынан кетип жатканын жарыялаган Зинченко азыркы украин жетекчилери Кучманын командасынан ашып түштү деп айыптады. Шейшембиде украин парламентинин жаңы сессиясын ачып жатып, төрага Володимир Лытвын да өкмөттү сынга алып, жаңы жетекчилер мурункулардан эч нерсеси менен айырмаланбайт, деп нааразыланды.
Олександр Зинченко дүйшөмбүдө маалымат жыйынын өткөрүп, жогорку деңгээлдеги бир нече украин жетекчисин бийликти өз кызыкчылыгында пайдаланууда деп айыптады.
- Президентке чынчыл маалыматты жеткирбей, анын тегерегинде бурмаланган, чындыктан алыс жасалма чөйрө жаратып, бул жетекчилер өз кызматтарын байлык-мүлкүн көбөйтүп, баарын менчиктеп калууга гана пайдаланууда.
Зинченко коррупцияга батып кетти деп айыптаган жетекчилер арасында Украинанын коргонуу жана коопсуздук кеңешинин башчысы Петро Порошенко, президенттин 1-жардамчысы Александр Третьяков жана парламенттеги “Биздин Украина” фракциясынын төрагасы Николай Мартыненкону атады. Басма сөз жыйынына катышып отурган Порошенко ордунан тура калып, айыптоолорду четке кагып кирди.
- Мен Петро Порошенко өзүнө өзү ишенген адам жана эч убакта өкмөттүк кызматка жанталашкан эмес жана келечекте да андай болбойт деп айткым келет. Ал өкмөткө келгенден бери бир тыйынчалык байып кеткен жок жана ошол тейде кызматын өткөрүп бермекчи. Коргонуу жана коопсуздук кеңешинин катчысы прокуратура, коопсуздук кызматы, же ички иштер министрлигине эч кандай таасир эте албайт деп, баса белгилеп кетмекчимин.
Порошенко – Украиналык белгилүү бизнесмендердин бири, буга чейин анын дарегине коррупцияга байланыштуу айыптоолор айтылбаган. Бирок кантсе да, Зинченконун отставкага кетиши – президент Ющенконун командасында ички күрөш бар экенин тастыктады, - дейт Лондондук эксперт Стюарт Хензел.
- Бул окуялар Ющенконун командасында биримдиктин жоктугун айгинелейт. Негизгиси – бийлик колго тиер замат өзүн көрсөтө албаган Ющенко үчүн бул жаман кабар. Эми Украинада кырдаал өзгөргөн жок, баары эскиче эле дегендей далай айыптоолорго жем табылды.
Айрым киевдик саясат таануучулар президент Ющенконун тегерегинде жанжалдар чыга баштаганы – табигый көрүнүш деп эсептешет. Кайнаса каны кошулгус социалисттер менен либералдардын бирдей колдоосу астында бийликке келген украин президенти бул эки тарапты бириктирүүгө эч кандай аракет жасаган жок. Алардын ортосундагы анык күрөш эмдиги жылы өтө турган парламенттик шайлоо маалында күчөйт, - дешет украиналык байкоочулар.