Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:52

ЭКС-ПРЕМЬЕР-МИНИСТР КООПСУЗДУК КЫЗМАТЫНЫН АБАГЫНДА ОТУРАТ


Экс-премьер-министр Николай Танаев 6-сентябрдан бери Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө изоляторунда отурат. Муну Баш прокуратура мурдагы өкмөт башчысынын кылмыш-процессуалдык кодекстин 105-беренесин одоно бузгандыгы менен түшүндүрдү. Ал эми экс-премьер-министрдин адвокаты Максим Максимович сотко кайрыла тургандыгын маалымдады.

Башкы прокуратура 6-сентябрда тараткан маалыматка караганда, Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы Николай Танаев Кыргызстан менен Казакстандын чегиндеги «Акжол» өткөрмө пунктунан кармалып, дароо камакка алынды. Бул тууралуу шаршембиде Нурланбек Жээналиев билдирди :

- Биз ал кишиге санкцияны өзгөртүп койдук. Ал киши бирөөлөрдүн милдеттенмеси менен жүргөн болчу. Чегарачылар чегарадан өтүп бараткан жеринен кармап, бизге алып келишти, кетип баратыптыр деп. Ошонун себебинен биз ал кишиге баш коргоо чарасын өзгөртүүгө аргасыз болдук.

Танаев 23-августтан бери башкы прокуратурага жана коопсуздук кызматына көрсөтмө берип жаткан. Буга байланыштуу эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат берип, ага Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары кепил болушкан. Алардын бири – Нурдин Абдылдаев мурда өкмөттүн башында болуп келген бул адам мындайга барат деп ойлогон эмесмин дейт:

- Эгер ал мындай иш жасаса - биздин кепил болгонубузга да түкүрүп койгону. Менде эч кандай божомол жок. Башкалардан, анан интернеттен билдим. Ошондуктан, менде пикир жок. Себеби мен аны менен түз байланышта эмесмин.

Анткен менен, экс-премьер-министрдин милдетин алган депутаттар да мыйзам алдында жооп берип калышы ыктымал. Жээналиевдин айтымында, бул маселе депутаттар менен баарлашуудан кийин аныкталат:

- Мыйзам менен көрсөтүлгөн жоболор бар. Аларга айып салсак болот, ушу силерге берген убадасына турбай калганы үчүн деп.

Март окуясынан кийин Москвага кеткен Николай Танаевге башкы прокуратура кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деген айып таккан. Мунун эч кандай саясий өңүтү жок деп билдирген маалымат жыйындардын биринде башкы прокурор Азимбек Бекназаров:

- Мурдагы премьер-министр Танаевге кызматынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн сыртынан айып тагылды. Ал республикалык маданий ишкер борборунун социалдык курулушу тууралуу мыйзамсыз чыгарган токтомуна жана элди иш менен камсыздоо фондунан социалдык пособиеге берилчү 3 миллион сом бөлгөндүгүнө байланыштуу.

Ал эми экс-премьер-министр 23-августта уюштурган маалымат жыйынында өзүнүн эч жакка чыгуу ою жогун минтип билдирген:

- Мен башкы прокуратуранын мыйзам чегиндеги бардык суроолоруна жооп бериш үчүн келдим. Күнөөлүү же күнөөлү эмес экендигим жөнүндөгү чаралар аныкталат. Мен кайтаруусуз, милициясыз эле жүрөм, көрүп атасыңар. Биздин өлкөнүн аймагында каалаган жериме бара алам, жүрө алам. Бардык суроолорго жооп бериш керек болуп жатса, эмнеге өлкөнүн сыртына чыгышым керек?

Анткен менен Николай Танаевге байланышкан акыркы окуяны башкы прокуратура Кыргызстандан качып кетүү аракети катары баалоодо. Ал эми адвокат Максим Максимович Танаев бир күндүк жумуш менен Алматыга барып келмек деп билдирип, анын камалышын кескин чара катары санады. Ошондуктан ал сотко кайрылууну көздөп жатат:

- Эгер сүйлөшүү тыянаксыз болсо эртең негизсиз камады деп, сотко кайрылабыз.

«Акыйкат» саясий партиясынын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев Танаевди камаардын алдында анын бараткан жагын жакшылап такташ керек эле дейт. Жогорку Кенештин депутаты Акматбек Келдибеков болсо Танаевдин качып баратканына анчалык ишенбейт:

- Прокуратурага айтып коюп эле кеткен экен деп атышат. Бүгүн сураштырсак, бир миң канча сом менен эле 100 доллар акчасы бар экен. Эми качып кетем деген адам жөн эле качып кетсе болот да.

Келдибековдун айтымында, Танаев сыяктуу эле өз каалоосу менен кайтып келген шектүү адамдардын азыр кошуна мамлекетке кенен-кесири каттап жаткандыгы тууралуу маалыматтар бар.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Танаевдин ишин тергөө мындан ары улантылып, андан ары иши сотко ашырылат. Бул арада адвокат Максимович коопсуздук кызматынын абагында отурган Танаевге азык-түлүк жана телевизор киргизип берүүгө уруксат берилгендигин кабарлады.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG