Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:20

КОНСТИТУЦИЯЛЫК ЖАҢЫЛАНУУ: КУРУЛТАЙ КЕРЕКПИ - ЖОКПУ?


Конституциялык реформа кандай багытта улантылышы керек? Элдик курултай институтун киргизүүнүн зарылдыгы барбы? Бийлик өкүлдөрүнүн коррупцияланышына бөгөт коюунун кандай жолдору бар? 7-сентябрда Бишкекте өткөн саясий партия, бейөкмөт уюмдардын жыйынында Конституциялык реформанын орчун маселелери талкууланды.

Жыйында көп айтылган ойлордун бири - Конституциялык реформада негизинен аткаруу менен мыйзам чыгаруу бийликтеринин укуктарын өз ара бөлүштүрүүгө көбүрөөк көңүл бурулуп, адам укугу, жергиликтүү өз алдынчалык сындуу маанилүү проблемалар баам сыртында калгандыгы. Белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акун президенттин иштөө мөөнөтүн беш жыл менен чектеп коюу туура эместигин айтып, бул ирет өкмөткө чексиз укук берилип атканына нааразы экенин жашырган жок.

Президенттик бийликти бир мөөнөткө байлап коюу натуура экенин «Менин өлкөм» партиясынын саясий кеңеш мүчөсү Галина Куликова да ырастады:

- Бизди да президенттин бир мөөнөт гана шайланышы канааттандырбайт. Мен бул жерде Турсунбек Акунду колдойм. Бир мөөнөттө президенттин өзүн көрсөтүшү кыйын, программасын жүзөгө ашырышы кыйын. Мына мен 6 жылдан бери партияда жүрүп, эми гана ишимин үзүрүн көрүүдөмүн.

Саясат таануучу Карыбек Байбосунов Конституцияга өзгөртүү киргизүүчүлөр азырынча президентти жаман дегенден ары көтөрүлө албай жатышат, деген пикирде.

- Президент жаман, президент жаман, президенттин укугун чектеш керек, деген ойдон алыс кете албай жатышат азыркы жаңы Конституциянын авторлору. Бийлик жаман, бийлик жаман, бийликти чектебесек болбойт деп, бирок кантип чектеш керек, кантип тең салмак механизмдерин камсыздаш керек, анан эң негизгиси кайсы позициядан бийлеш керек экендигин билбей атышкандары өтө өкүнүчтүү.

Улуттун эртеңи кандай болот, экономикалык-саясий өнүгүш багыты, ыкчам өзгөрүлүп жаткан дүйнөдөгү Кыргызстандын орду кайсы жерде? Башмыйзамда өлкө, улут тагдырын аныктай турган кардиналдуу проблемалар камтылышы керек. Казакстандагы «Адам жана коом» Евразия институтунун директору Аскар Нурмановдун пикири:

- Конституция, академик Т. Койчуев айткандай, көрсөтмө кагаздай болуп калды. Көрсөтмө болуп калды. Модель деп коюшат го, ошо жаңырган моделди жаңы Конституцияга салуу керек. Эгер андай болбосо, азыркы дүйнө жүзүндө болуп жаткан процесстер өтө кыйын. Эртеңки күнү кыргыз калкы кандай жагдайга туш болот? Жоюлуп кетеби, жок болуп кетеби, көгөрүп-көктөп кетеби – анын баары ушу азыртан башталат.

Айрым бейөкмөт уюмдар жаңыланчу Конституцияга Элдик курултай институтун киргизүү сунушун айтып келатышат. Аны Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясынын жетекчиси Жыпар Жекшеев да колдойт.

- Биз деген элдин үнүн угуп турушубуз керек. Бул нукура демократиялык каражат деп ойлойм. Бул элдин талаптарын кое турган курултай болуш керек да.

Мындан ары Конституциялык кеңешменин ишин президент К. Бакиев өзү жетектемекчи. Башмыйзамды өзгөртүүчүлөрдүн катары дагы 50 адамга көбөйөрүн Т. Акун маалымдады. Анткен менен улам-улам оңдоло берчү Конституциянын жаңы долбоору калк арасында кызуу талкууга алынган деле жери жок. Мына ушул кенемтени толтуруу максатында Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар ассоциациясы жер-жерлерде талкууларды уюштуруу ниетин көздөөдө. Ассоциация жетекчиси Т.Үмөталиеванын айтымында, жакын арада талкуу-жыйындар Көл, Нарын, Жалалабат, Ошто өтмөкчү.

- Угуп атасыздар, мына бу Конституциялык кеңешме иштеп чыккан долбоорду коомчулукка көбүрөөк жеткирип, элге жеткирип, ортодо ой-пикир алмашуу максатын коюп жатабыз.

Жыйында бийлик алмашкан сайын Конституциялык реформа демилгеси чыгып, аткаруу, мыйзам чыгаруу бийликтерин бөлүштүрүү, президенттин ыйгарым укуктарын тактоо саясий кызыкчылыктардын курмандыгына чабылып кете бере тургандыгы айтылды. 5-ирет оңдолуп аткан Башмыйзам дагы беш жылдан кийин алымча-кошумчага учурабайт деп азырынча эч ким кепилдик бере албасы белгиленди.

XS
SM
MD
LG