Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:57

Жаңы Орлеанда суунун деңгээли төмөндөй баштады


Жаңы Орлеандын мэри Рэй Нейжин полиция менен аскерлерге, зарылдык болсо, топон сууда жабыркаган шаарда калган адамдарды күчкө салып чыгарууга уруксат берди. Жаңы Орлеанда суу тартылууда. Армия жээктеги дамбаларды тосуп, шаардан сууну сордурууда. Адистер булганч суулар менен химиялык таштандылар шаарда коркунучтуу илдеттерди алып келиши ыктымал экенин эскертишүүдө.

АКШ президенти Жорж Буш табигый кырсыкка байланыштуу өкмөттүн жоопкерчилигин иликтей турганын билдирди:


- Адамдар биздин күнөөлүүлөрдү атаганыбызды каалап жатат. Биз оболу маселени жөндөшүбүз керек. Эмне туура жасалып, кандай жаңылыштыктар болгонун аныктоого кенен убакыт керек. Мени азыр эң алды адамдарга жардамдашуу кызыктырат. Мен өз жамаатынан ажырап, дүйнөсү бүлүнгөн бечараалар зарыл жардамды алаарынан күмөн санбагандай болгум келет.

Айрымдар апаат учурунда жай иштеди деп, Чукул кырдаалдар кызматынын жетекчилигин кызматтан айдоону талап кылышууда.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG