Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:36

ЖОГОРКУ СОТКО НААРАЗЫ ШАЙЛООЧУЛАР АЧКАЧЫЛЫК ЖАРЫЯЛАШМАКЧЫ


Жыл башында болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болушкан айрым шайлоо округдарынын өкүлдөрү үч айга чейин Жогорку соттун алдында жана ичинде нааразылык акциясын өткөрүп турушкан. Жогорку сот төрагасынын кызматтан кетүүсүн жана шайлоо жыйынтыктарын чыгарууда адилеттүүлүктү талап кылышкан пикетчилерге бийлик тарабынан талаптары аткарыла тургандыгы тууралуу убада берилгенден кийин, июнь айынын орто ченинде нааразылык акциясын токтотушкан. Дээрлик үч айга жакын убакыттан бери талаптары аткарылбаганына нааразы болушкан пикетчилер кайрадан нааразылык акциясын баштаарын 7-сентябрь күнү болгон маалымат жыйынында билдиришти.

Март айындагы ыңкылапка улай парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон 6 округдун шайлоочулары 22-апрелде Жогорку соттун имаратына кирип барышып, Жогорку соттун толук курамын отставкага кетүүсүн талап кылышкан. Натыйжада Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов кызматтан кетүү тууралуу арызын жазып, кийинчерээк кайра алып койгон. Андан кийин президент тарабынан маселени чечүү үчүн сот органдарынан жети, бейөкмөт уюмдарынан жети кишиден мүчө болгон атайын комиссия түзүлгөн. Комиссиянын жыйынтык чечимин күткөн пикетчилер нааразылык акциясын убактылуу токтотушуп, Жогорку сот кайрадан ишке киришкен болчу.

Арадан үч айга жакын убакыт өтсө да, эч кандай оң жыйынтык чыкпады деп, нааразы болушкан шайлоочулар 9-сентябрдан тарта нааразылык акциясын кайрадан уланта тургандыгын билдиришти. Нааразылык акциясынын уюштуруучулары президент тарабынан түзүлгөн комиссиянын ишинин жыйынтыгына да ыраазы болушпагандыгын айтышты.

№6-шайлоо аймагынын шайлоочусу Калича Умуралиеванын айтымында, бийлик булардын талабын аткарууга убада берип, бирок сөзүнө турган жок:

- Ошондуктан, биз 9-сентябрдан тарта нааразылык чарасынын башка түрлөрүн колдонууга аргасыз болуп жатабыз. Эми ар бир округдан эки-үчтөн өкүл ачкачылык жарыялайбыз. Биз мындай аракеттерибиз менен өз үнүбүздү жана талабыбызды бийликке жеткирмекчибиз. Эгер бийлик бизди укпаса, анда эл аралык укук коргоо уюмдарына да кайрылабыз.

Нааразылык акциясынын уюштуруучуларынын пикиринде, шайлоонун жыйынтыктарын бурмалап, өлкөдө адилетсиздиктин өкүм сүрүшүнө да соттор жол берип жатат. Ошондуктан алар президент Курманбек Бакиевден сот реформасын жүргүзүүнү талап кылышаарын билдиришти.

№59-шайлоо аймагынын шайлоочусу Анарбек Сеитказиевдин айтымында, Жогорку соттун азыркы курамы кызматтан кетмейин адилеттик болбойт:

- Сот системасын толук өзгөртүү керек, ансыз бизде адилеттик болбойт. 1-майда кыргыз элине жасаган кайрылуусунда Курманбек Бакиев айткан: «эң биринчи максатым—жакын арада сот системасын реформалоо» деп. Бирок андан бери 5 ай өттү, эч кандай жылыш болбоду.

Бул дооматка карата Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмоновдун пикирин сураганыбызда, ал соттор мыйзам чегинде гана иш алып барып жатышкандыгын билдирди:

- Биз мыйзам чегинде иштеп жатабыз. Эми нааразылык чарасына катышкандардын талабы боюнча эле кызматтан кете берүүгө болобу? Шайлоонун жыйынтыктары тууралуу болгон материалдарга ылайык, ошолорго жараша караганбыз. Сот ишинде сөзсүз түрдө бир тарап соттун чечимине нааразы болушат. Эки тарап тең ыраазы болгон учурлар болбойт.

№ 27-Сузак-Базаркоргон шайлоо аймагынан келген шайлоочу Сабира Калдыбаева шайлоодо адилетсиздиктин айынан Өзбекстандын жараны болсо дагы Абдумиталип Хакимовдун жактоочулары райондук соттон күч колдонуу менен өздөрүнүн пайдасына чечим чыгарып алышкандыгын, буга жогорку сот да көз жуумп койгондугун төмөнкүдөй айтты:

- Сузак райондук соту Сатиевди уруп, чөгөлөтүп, өз кызыкчылыгына чечтирип алышкан. Буга Жогорку сот көз жуумп, райондук соттун чечимин күчүндө калтырып койгон. Ошол райондук соттун чечимине нааразычылыгыбыз менен Жогорку сотко келип, ушул күнгө чеийн канааттандырарлык жооп алалбай жатабыз.

Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов бул окуядан кабары бар экендигин, райондук сотко күч колдонгондорго карата кылмыш иши козголгондугун билдирди. Бирок сотко берилген арызда жазылгандай Абдумиталип Хакимов Өзбекстандын жараны эмес:

- Биз Абдумиталип Хакимовдун Өзбекстан жараны эмес экендигин далилдеген документтерди өзбек бийлигинен алганбыз. Хакимов Кыргызстанда туулуп-өскөн жана Кыргызстандын жараны болуп саналат. Ошондуктан райондук соттун чечимин күчүндө калтырганбыз.

Нааразылык акциясынын катышуучулары бул жолу Жогорку соттун курамы толук отставкага кетмейинче, мөөнөтсүз ачкачылык жарыялашаарын билдиришти.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG