Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:00

ПУТИН КЫСКА САПАР МЕНЕН БЕРЛИНГЕ КЕЛИП КЕТТИ


Нарын АЙЫП, Прага 8-сентябрда орус президенти Владимир Путин кыска жумуш сапар менен Берлинге келип, Алманиянын канцлери Герхард Шрөдер менен жолукту. Берлинде - Балтик деңизинин түбү менен Орусиядан Алманияга газ куурун жаткыруу долбоору боюнча келишимге кол коюлду.

Алманияга импорттолгон газ менен мунайдын 30 пайызы Орусиядан келет жана аларды жеткирген куурлар Украина менен Польшанын аймактары аркылуу өтөт. Акыркы жылдарда андай транзит боюнча көптөгөн маселе чыккан жана Кремилдин айтымында, Орусия менен Алманиянын алдыңкы ишканалары демилге менен чыгып, Балтик жээгинин түбү менен Алманияга түз куур жаткырууну сунуш кылган. Ал Орусиянын Выборг шаарынан башталып, Алманиянын Грейсвалд шаарына жетет, жыл сайын куур аркылуу 55 миллиард куб метр газ өтө алат жана анын курулушуна беш миллиард доллар керек болот.

Маскөөдө иштеген немис эксперти Эрик Краустун айтымында, долбоор эки мамлекет үчүн тең пайдалуу:

- Орусия өзүнүн мунай жана газ экспортуна Польша сыяктуу мамлекеттер тарабынан зыян тийбесине өтө кызыкдар жана жаңы долбоор Орусиянын Европага болгон газ экспортун дагы көбөйтүп, анын коопсуздугун дагы күчөтөт.

Кызмат сапар менен Грекияга бараткан Путинди Берлинге кайрыла кетүүнү дагы орус менен немис ишкерлери сураган жана Шрөдер менен Путин Берлин шаарында куур долбоорун баштоо тууралуу келишимге кол коюу жыйынына катышты. Ага Орусиянын Газпром ишканасы менен Алманиянын ЭОН жана БАСФ компанияларынын башчылары кол койду.

Долбоорду Украина менен Польшанын жетекчилери сынга алды, анткени ал ишке киргизилсе, бул эки өлкө бир топ кирешеден кур калат. Польша президенти Александр Квасневскийдин айтымында, мындай долбоорго Алмания - Европа Биримдигине кирген башка мамлекеттер менен акылдашпастан макул болду.

Жолугушуу учурунда Шрөдер менен Путин эл аралык маселелерди, алардын ичинде Ирактагы абалды, Ирандын өзөктүк изилдөөлөрүнөн чыккан маселени, Бириккен Улуттар Уюмун реформалоо жана башка проблемаларды талкуулады, андан соң орусиялык жана немис медиктери менен дагы кездешти, анткени Алманиянын жардамы менен азыр Маскөөдө балдардын онкологиялык борбору курулуп жатат.

18-сентябрда Алманияда парламенттик шайлоо өткөрүлө тургандыктан, расми жыйындар бүткөндөн кийин Путин немис оппозициясынын жетекчиси Ангела Меркел менен дагы жолукту. Газ долбоор боюнча келишимге октябрда кол коюлат деп алгач пландалган, бирок жолугушуу дал ошол парламенттик шайлоо менен байланыштуу эрте өткөрүлдү.

XS
SM
MD
LG