1-сентябрда Башкы прокуратура тарабынан Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбановдун үстүнөн кылмыш Кодексинин 304-беренсинин 3-бөлүгүнүн 1,3-пункту боюнча «Жооптуу кызматта иштеп жатып , кызмат абалынан пайдаланып, мамлекетке көлөмдүү суммада чыгым келтиргендиги» жана 30-169-беренеге ылайык «Чоң көлөмдөгү каражатты уурдоого катыштыгы бар», делген айып тагылган. Ал эми 2-сентябрда Улан Сарбановду үй камагына алуу тууралуу Башкы прокурордун орун басары санкция берген.
Сарбанов маалымат жыйынында Башкы прокуратура тарабынан жогорудагы коюлган айыптар далилсиз жана мыйзамсыз деген пикирин билдирди:
- Мага карата тагылган айыптар далилсиз жана мыйзамсыз. Башкы прокуратуранын тыйуу салууга көргөн чараларын Улуттук банктын ишмердигинин туруктуулугун бузууга аракет катары баалайм. Негизи тыйуу салуу аркеттери абсурд.
Ал ошондой эле үй камагына алууну өткөн кылымдын 38-жылдан калган ыкмасы катары бааларын билдирди. Ал эми прокуратура тарабынан коюлган айыптын чоо-жайы тууралуу буларга токтолду:
- 1999-жылы 21-декабрда президенттин мурдакы администрация башчысы, ошол убакта эсептөө палатасынын башчысы болуп калган. Ал мени менен сүйлөшкөндө Баткен окуясына байланыштуу өкмөткө, бийлик органдарына тез аранын ичинде 500 миң доллар өлчөмүндөгү каражат керектигин айтты. Мен Улуттук банк тууралуу мыйзамдын 21-беренеси өкмөткө кредит берүүгө, каржылык жардам көрсөтүүгө жол бербестигин билдирдим. Эгерде өкмөткө ошончолук эле каражат керек болсо өзүнүн эсебиндеги каражатты пайдаланбайбы дедим, талкууда.
Анын айтымында, Каржы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын башчысы чечим кабыл алган. Ал чечимге ылайык, Улуттук банк которуу жолу менен Борбордук казыначылыктын эсебинен 19 млн. 188 миң. 100 сомду долларга алмаштырып, Борбордук казыначылыктын орун басарына берген. Бул жерден Улуттук банк тарабынан эч кандай мыйзам бузулган эмес.
Экс-президент Аскар Акаевге 500 миң долларды чынында эле алып бардыңыз беле? - деген суроого Сарбанов мындайча жооп узатты:
- Бул маалымат чындыкка коошпойт. Ким бергенин убагында прокуратура тактайт. Алар (Жогорку бийлик башындагылар) сураган иш аткарылды. Андан кийин кимдир бирөө президентке барып акча берген болсо, кечирип коюңуздар, мен ал жерде катышкан эмесмин. Ал акчалар кимге берилгенин билбейм.
Бирок ал жарым миллион долларды көтөргөн адамды Ак үйгө жеткиргенин жашырган жок.
- Караңгы кирип калганда ал адамды жарым миллион доллардай акча менен көчөгө калтыра алган жокмун. Ооба, ал адамды мен Ак үйгө жеткиргем.
Улан Сарбанов ошол мезгилде Улуттук банкта жаңыдан иштеп жаткандыктан тажрыйбасыздыгын, ар нерсени анча элес ала бербегенин да кошщумчалады.
Бул чуулгандуу маселеге тиешеси бер делип, шектелген президенттин мурдакы администрация башчысы Медет Садыркулов аталган каражат Баткен окуясына байланыштуу мамлекет үчүн керек болгон үчүн чогултулгандыгына, ал акчаларды Ак үйгө кимдер алып келгени тууралуу буларга токтолду.
- 1999-жыл биздин өлкөдө оор жыл болду. Баткен окуясы. Бюджет тартыш. Мамлекетин акчасы жок. Анан 21-декабрда мени мурдакы президент Аскар Акаев чакыртып телефон чалды. Түштөн кийин Мисир Ашыркулов телефон чалып, «Медет баягы акчаларды тездетсең болот эле», деди. Ал акчаларды Баткен коогалаңына пайдалануу үчүн чогултууга тапшырма болгон. Ошол күнү кечки саат 7де Каржы министрлиги менен Улуттук банктын балдары жанагы акчаларды алып келишти. Менин байкашыма караганда, Каржы министрлигинин,Улуттук банктын балдары мамлекет үчүн чоң иш кылып атабыз деген сезими бар болуучу.Көздөрү бакырайган, шашып акчаларды салафан баштыка салган экен, анысы айрылып, аз жерден акчалары түшүп кала жаздады. «Биз кечигип жатабыз, бул акчаларды тезинен бериш керек» деп, Сатыбалдиев Анарбек тердеп алыптыр. Алар мамлекеттин чоң ишин жабыш керек экен деген ишенимде болушчу.
Ал экс-президент Аскар Акаевдин иш бөлмөсүнө чоң көлөмдөгү акча каражатын алып кирбегендигин, аны кимдер алып барганы, ким аркылуу берилгендигин билбестигин билдирди. Анын пикиринде, бул иш мамлекеттик жашыруун сыр катары ачыкка чыкпай калышы мүмкүн.