Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:58

ПРЕЗИДЕНТ ИНИСИН ГЕРМАНИЯГА ЭЛЧИЛИККЕ КӨРСӨТҮШҮ КООМЧУЛУКТА АР КЫЛ ПИКИРЛЕРДИ ЖАРАТТЫ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Президент Курманбек Бакиев өткөн аптада бир нече мамлекеттерге элчилик кызматтарга талапкерлерди сунуштады. Президенттин бир тууган иниси Марат Бакиевдин Германиядагы элчиликке жөнөтүлүп жатышы коомчулукта ар кыл пикирлерди жаратты. Европа өлкөлөрүнө жашаган кыргызстандыктар бул окуя үчүн Германиядагы Кыргызстандын элчилигине бойкот жарыялаарын билдиришти.

Курманбек Бакиев Украинага элчиликке Эркин Мамкуловду, Белоруссияга Лидия Иманалиеваны, Иран Ислам Республикасына Авазбек Атахановду, ал эми Германияга Марат Бакиевди сунуштаган. Көпчүлүк байкоочулар Аскар Акаевдин бийлиги учурунда элчилик кызматтын кадыры бир кыйла түшүп, бул орундар экс-президент оюндан чыккан саясатчыларды жөнөтө турган сүргүнгө айлангандыгын айтып жатышат.

24-марттагы ыңкылаптан кийин дипломатиялык кызматтардын ролу тууралуу маселе көтөрүлүп, элчилиликтерге профессионал адамдарды жөнөтүү зарылдыгы улам айтылып атты. Тышкы иштер минитсринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева дагы «Азаттык» радиосуна берген маегинде айрым гана өлкөлөргө саясий жактан ыңгайлуу адамдар барып, көпчүлүк орундарга кесипкөй дипломаттарды жөнөтөбүз деген ишенимин айткан.

Бирок президент Курмабек Бакиевдин бул багыттагы соңку сунуштары коомчулукта кайчы пикирлерди жаратты. Айрыкча иниси Марат Бакиевдин Европадагы шарты жакшы, айлыгы дурус жана инвестиция көп келе турган Германияга жөнөтүлүп жатышын жактырбаган пикирлер да арбын.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев бул окуя президенттин катачылыгы болуп калды дейт:

- Президент чоң ката кетирде. Азыркы бийликтин кадр саясаты таза жана ачык болсун деп эл талап кылып аткан учурда кайра өз бир тууган иниисин элчиликке көрсөтүп, туура эмес кылды. Анын үстүнө Германия стратегиялык жактан маанилүү өлкө болгондон кийин ал жакка профессинал дипломат адамды жөнөтсө болмок.

Иран Ислам Республикасына элчи болуп дайындалып жаткан Авазбек Атаханов президенттин бул сунушун жан дилимден кабыл алдым дейт. Президенттин мурдагы маалымат катчысынын пикиринде, президенттин бир тууганы болуп калганы үчүн Марат Бакиев жабыр тартпашы керек:

- Марат Бакиев мыкты юрист, немис тилин билет. Парламентте депутат болуп иштеген мыкты адис. Ошондуктан бул адам татыктуу деп эсептейм. Бакиевдер агасы президент болуп калганы үчүн кызматка отурбай же дагы башка учурларда жабыр тартып калышы туура эмес деп эсептейм.

Айрым байкоочулар тажрыйбалуу юрист, парламент депутаты да болуп көргөн Марат Бакиев чындап эле бул кызматка татыктуу деген да ойлорун айтып жатышат. Коопсуздук кеңештин катчысы Мирослав Ниязов да ушундай пикирде:

- Иштеп көрсүн, эмне экен, Менимче ал тажрыйбалуу кызматкер.

Аңгыча Европа өлкөлөрүндө жашап аткан кыргызстандыктардын «Манас» деп аталган коомдук бирикмеси президентке жана өкмөт башчыга 7-сентябрда ачык кат жолдоду. «Президент Бакиевдин жакын туугандарынын дипломатиялык кызматтарга дайындалышына каршыбыз» деп жазылат кайрылууда. Бул коомго мүчө 200гө чукул кыргызстандык атуул ушул окуя үчүн Германиядагы Кыргызстандын элчилигине бойкот жарыялашаарын билдиришти.

XS
SM
MD
LG