Ушул күндөрү Кабулдагы борбордук көчөлөрдөн жана машинелердин капталдарынан депутаттыкка талапкерлердин сүрөттөрү тартылган жарнамаларды ар бир кадам сайын жолуктурганга болот. Айрым жерлерде машинелердин үстүнө үн чоңойткучтар коюлуп, утуру ооган ырлары, шайлоо боюнча жарнамалар жаңырып турат. Ошентип, 18-сентябрда ооган эли акыркы 30 жылдан бери алгачкы ирет өз парламентин тандайт. Анын алдынан өлкөдө зордук-зомбулуктар улам күчөгөнү менен талапкерлер шайлоо өнөктүгүн токтотуп коюшкан жок.
Ишембиде мамлекеттин Коргоо министри Абдул Рахим Вардак бир катар башка министрлер менен Кабулдагы эларалык аба майданынан чыга беришкенде, куралчан бирөө ок чыгарган. Андан эч ким жапа тарткан жок. Ошол эле күнү ооган армиясынын жетекчиси менен үч министрди алып бараткан тик учак жерге кулап, жарылып кетти. Тик учактагылар жарылууга чейин сыртка качып чыгууга үлгүрүшкөн. Чынында, ооган бийликтери бул эки окуяга козголоңчулардын тиешеси жок дешет. Бирок добуш берүү күнү жакындаган сайын бул сөздөрдө ишеним жоголуп бараткандай.
Кошмо Штаттардын аскерий күчтөрү шайлоо алдынан келерки апта ичи козголоңчулар өзгөчө шаарларга чабуул койгонго аракет кылышы мүмкүн экенин айтышууда. Ошондуктан америкалык аскерлер азыр шайлоо чөлкөмдөрүндө коопсуздукту камсыз кылуунун жолдорун карап жатышат.
Коопсуздукту күчөтүү аракеттеринин алкагында ишембиде америкалык жана ооган аскерлери өлкөнүн түштүгүндө 30 козголоңчуну өлтүрүшкөнүн кабарлашты.
Талибдер келерки жекшембиде өтүүчү шайлоону болтурбай коюга же тоскоолдук кылууга убада беришкен жана жакынкы айларда түрдүү чабуулдарды күчөтөөрүн билдиришкен.
Ооганстанда жаз айларындагы зомбулуктан бери 1200 адам өлдү. Алардын ичинде көпчүлүгү козголоңчулар, бирок 50 америкалык аскер, ооганстандык жөнөкөй тургундар, жардам кызматтарынын адамдары жана саясатчылар да бар. Акыркы эки эле айда парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин ичинен алтоосун атып кетишти. Дагы бир канчасына кол салуулар болгон.
Сохаила Алекозай – кабулдук талапкер. Парламентте аялдар үчүн бөлүнгөн орундардын бирин ээлеринен үмүттөнгөн бул айым кандай гана коркунучтар болбосун, баары бир максатынан кайтпай турганын айтат:
- Эч кандай коркунуч мени шайлоо өнөктүгүмдү токтотууга мажбурлай албайт. Мен баары бир шайлоого катышып, элиме өзүмдү таныштырам. Анан адамдар кимди тандашат – бул алардын иши.
Келерки жуманын этегинде боло турган шайлоого 12 млн. добуш берүүчү катышат деп күтүлүүдө. Алар, Ооганстандын жаңы Конституциясына ылайык, Улуттук мыйзам чыгаруу жыйына 249 депутатты жана жергиликтүү кеңештерге да өкүлдөрдү тандашмакчы.