Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:26

БАГДАДДАГЫ ЖАРДЫРУУДАН 130 КИШИ КУРМАН БОЛДУ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Бүгүн эртең менен Багдаддын шиилер отурукташкан Казимия районунда жан кечти террорист чакан автобусун жардырып, бери дегенде 130 кишинин ажалына калды жана 160тан ашык адамды жарадар кылды. Окуя таң эртең менен жүздөгөн жумуш издеген кишилер Багдаддын кул базарына чогулуп турган кезде болгон. Бул жардыруу акыркы жарым жылдан берки эң кандуу терракт болду.

Ирак полициясынын лейтенанты Моаяд Зубаирдин айтымында, күнүмдүк жумуш табуу үмүтү менен котолоп күтүп турган адамдарга жан кечти террорчу чакан автобусун айдап барып, жардырып жиберген. Башка бир булактар террорчу адегенде топураган элге жумуш таап берем, деп убада кылып, кыжылдаган эл автомашиненин жанына үймөлөктөшө бергенде автобусту жардырып жиберген дешет. Жардыруудан акыркы маалыматтарга караганда, бери дегенде 130 киши курман болуп, 160тан ашык адам жаракат алды. Полиция жабыркагандардын саны мындан да көп болушу ыктымалдыгын айтууда.

Жарадар болгондор баш калаанын Казимия районундагы ооруканага жеткирилип жатты. Палаталарга батпаган оорулар далистерге жаткырылып, медперсонал бир эле убакта ушунча жарадарга жардам берүүгө жетише албай, шаштысы кетип жатты.

Жардыруунун жопкерчилигин эч ким өзүнө ала элек, бирок теракт шиилер отуркташкан райондо болгондуктан, ирактык саясатчылар менен байкоочулар бул зомбулук январда өткөн парламенттик шайлоону бойкоттойбуз деп жатып, парламентте аз гана оорунга ээ болуп калган суннилердин колунан келди, деп божомолдоп жатышат.

Өткөн түнү Таджи деген кыштакта белгисиз бир куралдуу топ тынч жаткан 17 кишини үйлөрүнөн айдап чыгып, атып салган. Багдаддын дагы бир районунда бүгүн эртең менен болгон жардырууда 12 киши набыт кетти.

Бул окуялар Вашингтондо иш визит менен жүргөн Ирак президенти Жалал Талабанинин шейшемби күнкү билдирүүсүн төгүнгө чыгарууда. Президент Жорж Буш менен бирге өткөргөн маалымат жыйында Талабани жан кечти террорчулардын кол салуулары Иракта азайды, биз өлкөдө коопсуздукту орнотууда ири жылыш жасадык деген:

- Биздин өлкөдө коопсуздук жаатында жылыш бар. Террористтердин көзөмөлүндө болгон аймактар бошотулду, азыр ал жерде жаңы шайлоого каттoo жүргүзүлүп жатат.

Талабани ал тургай мындай ири жылыштар жылдын аяк чеинде өлкөдөн 50 миңдей АКШ аскерин чыгарып кетүүгө мүмкүндүк берээрин да белгилеген:

- Менин пикиримде, жыл аягында Ирактан 40-50 миңдей америкалык аскерди чыгарып кетсе болот.

Бирок дүйшөмбүнүн эртеси эле ал бул сөздөрүнөн баш тартып, АКШнын аскерлери 2006-жылдын аяк ченинен тарта чыгарылып кете баштаарына үмүттөнүп жатканын айтты:

- Америкалык жана эл арaлык аскердик күчтөрдүн турганы Иракта жана Жакынкы Чыгыштагы демократия үчүн, Ирактын ички иштерине сырттан кийлигишүүгө бөгөт койуу үчүн өтө маанилүү. Биз азырынча аскерлерди чыгарып кетүүнүн графигин түзбөйбүз. Айдай кылсак террористтерди дүйнөнүн супердөөлөтү менен Ирак элин жеңгенге шыктандырган болобуз.

Азыр Иракта 140 миңдей Америкалык аскер бар жана алардын саны өлкөдө Конституция боюнча референдум өткөрүлгөнгө чейин кыскартылаары күмөн. Референдум 15-октябрга белгиленген. Шаршемби күнү Ирактын мыйзамгерлери Конституцитянын долборун иштеп чыгууну аяктап, Улуттар уюмуна басып чыгаруу үчүн жиберишкени маалымдалды.

XS
SM
MD
LG