14-сентябрда маалымат жыйынын өткөргөн Тышкы иштер министрлигинин алдындагы миграция департаментинин башчысы Зафар Хакимов Ошто убактылуу кармоо жайында турган 15 өзбек бозгунун жакын арада күтүп турган өзгөрүүлөр тууралуу буларды билдирди:
- Башкы прокуратура 11 атуулду Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча башкармалыгына өткөрүп берүү тууралуу чечимди кечээ кабыл алды. Бул 11 адам БУУнун Качкындар боюнча башкармалыгынан качкын макамын алышты. Жакынкы эки-үч күндүн ичинде алар үчүнчү өлкөгө чыгарылат.
Ал эми калган төрт бозгундун тагдыры сот аркылуу чечилмекчи. Миграция департаменти аларды качкын макамын издеген атуул деп таануудан баш тарткан. Ага каршы болгон “Адилет” укук коргоо уюму сотко кайрылып, райондук сотто эки атуул боюнча ишти жеңип алган. Бирок алардын тагдыры боюнча соттошуу Жогорку сотко чейин барат. Кандай болгон күндө да биз алардын маселесин мыйзам негизинде чечебиз, деп белгиледи Зафар Хакимов.
Өлкөнүн Башкы прокурору Азимбек Бекназаров өзбек качкындары боюнча азырынча чечим кабыл алына электигин, бирок ал жакын арада кабыл алынаарын билдирди:
- Башкы прокуратура чечим кабыл ала элек. Кабыл алды деген туура эмес. Бирок жакын арада биз 15 качкын боюнча чечим кабыл алабыз. Ал чечим укуктук чечим болот. Анда саясат болбойт.
Өзбек качкындарынын тагдырындагы мындай өзгөрүшкө өлкөдөгү адам укугун коргоочу уюмдар оң баасын берүүдө. Маселен президент алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун мындай деди:
- Башкы прокуратура качкындарды Өзбекстанга эмес, үчүнчү өлкөгө өткөрүп берерине мен толук ишенем. Азимбек Бекназаров акылдуу адам, дүйнөлүк коомчулуктун пикири менен эсептешет деп ойлоймун.
Ушундай эле маанайдагы пикирин «Атуулдук коом коррупцияга каршы» өкмөттүк эмес уюмунун лидери Төлөкан Исмаилова да ачыктады:
- 11 бозгунду үчүнчү өлкөгө берүү тууралуу Башкы прокуратуранын чечими - бул эл аралык конвенциялардын талабын аткаруу болуп эсептелет. Ушуну менен Кыргызстан адам укугун сактаган жана качкындарга жардам берген өлкө катары таанылат.
Исмаилованын айтымында, ал учурда Ош облусун кыдырып, ачыка чыга албай жүргөн өзбек качкындарынын санын тактоого аракет кылууда. Ал эми Зафар Хакимов Кыргызстанда жашыруун түрдө жүргөн жүздөгөн өзбек качкындары бар деген маалыматтар тастыкталбаганын, азыркы мезгилге карай миграция департаментине качкын макамын сурап дагы12 гана өзбек атуулу кайрылганын билдирди:
- Бүгүнкү күнгө карай 12 кишини каттоого алдык. Анын төртөө Бишкекте, сегизи Ошто. Алардын ар бири менен жекече сүйлөшөбүз. Анткени Кыргызстанга келип эле Европага кетебиз дегенден алар алыс болуш керек. Кыргызстан дарбазасы жок өлкө эмес. Өзбекстанда анча-мынча жаман жоруктарды жасап, быяка келип качып кутулам дегендер бул пикирден алыс болуш керек.
Миграция департаментинин Орусия, Казакстанда жүргүзүп жаткан ишине токтолгон Хакимов, Кыргызстан атуулдарынын укуктарын коргоо максатында бул өлкөлөрдүн бир катар шаарларында департаменттин өкүлчүлүктөрү ачылганын жана ал жерлерде кыргыз атуулдарына укуктук жардам, документтерин мыйзамдаштырып берүү боюнча көмөк көрсөтүлөөрүн билдирди.