Адегенде Өмүрбек Текебаев журналистерге үстүбүздөгү жылдын 7-9-сентябрь кундөрү Нью-Йоркто өткөн парламент төрагаларынын дүйнөлүк экинчи конференциясына катышып келгендиги тууралуу маалымат берди. Андан соң өлкөдөгү саясий абал, Конституциялык реформа, айрым депутаттардын үстүнөн кылмыш ишинин козголушу жана аткаруу бийлигинин айрым аракеттерине карата оз оюн билдирди.
Төрага Өмүрбек Текебаев мамлекет башчы тарабынан «Өкмөт тууралуу» мыйзамга вето коюлушун, өкмөт түзүмүн, курамын бекитүүнүн кечеңдешин өлкөдө түзүлгөн саясий кризис катары баалады:
- Азырынча өкмөттүн көпчүлүк мүчөлөрү, райондордун акимдери, губернаторлор мыйзамдуу бийлик катары тааныла элек. Анткени алар мыйзамдуу түрдө дайындалышкан жок. Мына ушундай мезгилде “Өкмөт тууралуу” мыйзамга вето коюлушу саясий кризиске тете окуя. Ошондуктан биз мындай абалдан чыгуу үчүн президент койгон ветого аргасыздан макул болушубуз зарыл. Анткени мындай абалдан тез чыгыш керек. Кризис мындан ары уланышы керек эмес.
Андан аркы сөзүндө Өмүрбек Текебаев өлкөдө мыйзамдуу бийлик шайланбай жаткандыгына президент Курманбек Бакиевди айыптап кетти:
- Менин оюмча мамлекет башчы президенттик шайлоодон кийин дароо инаугурация өткөрүп, кыска мөөнөттүн ичинде Жогорку Кеңешке өкмөттүн курамын түзүүнү сунушташ керек эле. Ошондо биз эмгичекти мыйзамдуу бийликке ээ болот элек. Эгерде азыркы темп менен кете турган болсок, өкмөттүн курамын түзүү дагы бир айга созулат. Мен муну дайыма кечиримсиз кечиктирүү деп ачык айтып келем.
Өмүрбек Текебаев ошондой эле Жогорку Кеңеш депутаты Айдар Акаевдин депутаттык ыйгарым укуктарын алып, аны жоопко тартуу маселеси палатада келээрки шейшемби күнү каралаарын маалымдады. Өмүрбек Текебаев парламент Айдар Акаевдин маселесин сотко өткөрүп бериши ыктымалдыгын да кошумчалады:
- Көпчүлүк депутаттар бул маселе сотто чечилиш керек деп ойлошот. Менин оюм да ошондой. Ал эми сот канчалык деңгээлде адилеттүү болот – ал Аскар Акаев түзгөн системанын жемиши.
Маалымат жыйынында Өмүрбек Текебаев «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев Жогорку Кеңешти таратуу максатында 200 миң адамдын колун топтогондугун кабарлап, учурда теориялык жана иш жүзүндө парламентти таратуу коркунучу бар экендигин мойнуна алды:
- Теориялык жана иш жүзүндө Жогорку Кеңешти таратуу мүмкүнчүлүгү бар. Менин маалыматым боюнча, Топчубек Тургуналиев эки жүз миңден ашуун кол топогон. Эгерде үч жүз миң адамдын колу топтолсо, президент референдум өткөрүүгө аргасыз болот.