Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:16

НЬЮ-ЙОРКТО ДҮЙНӨЛҮК САММИТ ӨТҮП ЖАТАТ


Нарын АЙЫП, Прага 13-сентябрда Нью-Йорк шаарында башталган Бириккен Улуттардын 60-сессиясында 14-сентябрда үч күндүк дүйнөлүк саммит да башталды. Ага бир жүз жетимишке жакын мамлекеттин жетекчиси катышууда.

Саммитте - Бириккен Улуттар Уюмунун өзүн реформалоо маселеси да каралууда, ошондуктан бийик жолугушуу алдында жыйындын күн тартиби боюнча талкуу өтө кызуу өттү жана толук мунаса пикир жетишилген жок. Мисал үчүн, дүйнө жетекчилери өзөктүк жана башка куралды жайылтпоо боюнча бир чечимге келе алган жок жана баш катчы Кофи Аннан ал тууралуу өз нааразылыгын билдирди:

- Чечилбей жаткан орчундуу нерсе - куралды жайылтпоо жана куралсыздануу. Бул чынында эле маскаралык. Бир жылдын ичинде биз бул маселени эки жолу карап, эки жолу тең чечимге келе алган жокпуз. Бирок мен баары бир - дүйнө жетекчилери маселеге дагы кайрылат жана анын орчундуу экенин түшүнөт деп үмүттөнөм.

Андан тышкары, Бириккен Улуттардын Адам укуктар комиссиясын реформалоо маселеси да чечилбей калды жана ал тууралуу сунуштарды сессияда талкуулоо - күн тартибине да кирген жок. Ошондуктан адам укуктарын коргогон көптөгөн саясатчы дүйнөнүн ар башка мамлекеттеринде азыр өз нааразылыгын билдирүүдө. Азыркы эреже боюнча, бул комиссиянын мүчөлүгүнө адам укуктарын таптакыр сыйлабаган мамлекеттер кирип, айрым учурларда анда көпчүлүктү да түзүп, аны жетектөөгө да жетиши мүмкүн. Мындай абалда адам укуктарын коргоо мүмкүн эмес болуп да калышы ыктымал, бирок комиссияны реформалоо иштери көптөн бери ордунан жылбай жатат.

Анткен менен Кофи Аннандын пикиринде, абалды оңдоо дагы мүмкүн, ал үчүн сессияга чогулган жетекчилер ага чыныгы кызыкканын көрсөтүүгө тийиш. Ал тууралуу кечээ күнү бийик жолугушууда чыгып сүйлөгөн АКШ президенти Жорж Буш дагы айтты:

- Бириккен Улуттар Уюмун эл барктасын десе, мүчө-мамлекеттер ал үчүн барктала турган аракеттерди көрүүгө тийиш, ошондо гана бул уюм ишкердүү болот алат.

Андан тышкары бийик жолугушууда - бай өлкөлөр кедейлерге жетиштүү жардам көрсөтпөй жатканы дагы сынга алынууда. Мындан беш жыл мурда өткөн дүйнөлүк жыйында жакырчылыкты эки эсеге кыскартуу максаты коюлган, бирок азырынча бул багытта орчундуу чаралар көрүлө элек.

XS
SM
MD
LG