Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:09

БУУнун КООПСУЗДУК КЕҢЕШИ ТЕРРОРИЗМГЕ КАРШЫ РЕЗОЛЮЦИЯ КАБЫЛ АЛДЫ


Кечээ БУУнун юбилейлик саммитинин алкагында Коопсуздук кеңешине кирген мамлекеттердин жетекчилери терроризмге каршы чараларды талкуулашты. Кеңештин мүчөлөрү, анын ичинде АКШ, Кытай, Россиянын президенттери, Франция менен Британиянын өкмөт башчылары кабыл алган резолюцияда терроризмге тукурган күчтөргө каршы катуу чара көрүү керектиги белгиленет.

Кеңештин 15 мүчөсү террордук иш-аракеттерге тукурууга тыюу салууну мыйзам түрүндө бекемдөөгө, терроризмге тиешеси бар адамдарга баш паана бербөөгө жана кылмышкерлердин жолдорун бууш үчүн эларалык каттамдардагы көзөмөлдү катуу күчөтүүгө чакырышты. Бул резолюция быйыл жайында террордук кол салуудан жапа чеккен Британиянын демилгеси менен кабыл алынды.

Британ премьери Тони Блэр «ал-Кайида» өңдүү топтордун идеологиясы цивилизациялардын ортосуна от жагууну көздөйт деди:

- Алардын стратегиясы адамдарды өлтүрүү гана эмес. Террор менен алар баш аламандык, бейстабилдүүлүк орноткулары келет, терроризмдин душмандарын бөлүп-жарууну максат кылышат. Биз эркиндикти алардын фанатизми менен коргомоюнча, биздин чечкиндүүлүгүбүз алардыкындай болмоюнча, алар зөөкүрдүккө берилгендей биз демократия идеяларына берилмейинче терроризмди жеңе албайбыз.

Резолюцияда мамлекеттер кайсы бир динди дискриминациялоону алдын алуу үчүн маданий аралык диалогду улантууга тийиш деп айтылат.

Россиянын президенти Владимир Путин маданий жана гуманитардык кызматташуу аркылуу терроризмге каршы күрөшө алабыз деп ырастады:

- Террроризмдин пропагандасы, расизм, этникалык жана диний жек көрүү идеолгиясын жайылтууга мамлекеттик ресурстардын жардамы менен гана эмес жарандык коомдун башка механизмдери – маалымат каражаттары, маданий жана гуманитардык кызматташуу, диндер аралык диалог менен жооп берсе болот.

Румыниянын президенти Траян Басеску Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө террордун идеологиясын айыптады. Жолугушуудан кийин “Азаттык” радиосуна берген интервьюсунда Басеску анын өлкөсү антитеррордук чаралардын мындан да катуу болушун каалайт деп айтты:

- Коопсуздук кеңеши теракттарга жана террористтердин идеологиясына каршы чара көрүүгө уруксат берүү жоопкерчилигин өзүнө алышы керек. Бул жагынан алганда, резолюция катаң мүнөзгө ээ болду деп эсептебейм.

Басеску “терроризм” деген аныктама боюнча бир пикирге жетишилбегенин өкүнүчтүү деп атады. Саммитке чейинки сүйлөшүүлөрдө Египет менен Иран башындагы бир катар мусулман жана араб мамлекеттери терроризмди аныктаган документтин долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү көздөшкөн. Атап айтканда, алар аныктамадан“көз карандысздык үчүн күрөшүүгө” багытталган иш-аракеттер деген сөздөрдү алып салууну сунуш этишти.

БУУнун баш катчысы Кофи Аннан Коопсуздук кеңеши терроризмди колдогон өлкөлөргө чечкиндүү чара көрүүдөн баш тарптайт деп эскертти. Ошондой жазалоо чараларын ишке ашырууда бирок адам укуктары урматталышы керек, - деп белгиледи Аннан.

Ошол эле күнү дүйнө лидерлери өзөктүк терроризмге каршы конвенцияга кол коюшту.

XS
SM
MD
LG