Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:18

ОШТОГУ ОК АТУУ БОЮНЧА СОТ УЛАНУУДА


Кубанычбек Жолдошев, Ош Ош шаардык сотунда ушул жылдын 13-июнь күнү “Алай” мейманканасынын жанында адамдарга карата ок аткан деген айыптоо менен шектелип жаткан 4 адамдын үстүнөн сот иши улантылууда.

“Алай” мейманканасынын жанындагы ок атуу окуясы боюнча тартылып алынган видео тасманын негизинде шектүү деп табылган төрт жигит: Болотбек Маматов, Жамалдин Өскөнбаев, Манасбек Токтобаев жана Өмүрбек Батыровдор мындан эки жарым ай мурун тергөө абагына киргизилген эле. Мындан сырткары жабырлануучулардын айтымыныда ок атууга катышы бар деп шектелген Айбек Чомоев жана Сапар Аканов сыяктуу жигиттер кармалып, бирок прокуратура органдары тарабынан баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн.

Сот жараянынын жүрүшүндө жабырлануучулардын бешөө ошол күнү аларга карата кандайча ок атылгандыгын айтып, көрсөтмө беришти. Калган экөө ден-соолугуна байланыштуу сотко келалбай калгандыгы эскертилди:

- Аткан балдардын төртөөсү бар, Айбек Чомоев менен Сапар Аканов деген балдар келген жок. Бүгүн биринчи процесс болду, адвокаттары келди. Берки балдар кылган иштерин мойнуна алгысы келбей атат. Ал жерде булардын кылмышынын видео тасмалары бар. Жабырлануучу балдар да келди. Бизге эч ашыкча жазанын кереги жок, акыйкаттык болуп, кылган кылмышы боюнча жазаланышса болду, - дейт жабырлануучу Талант Капаров.

13-июнь күнкү ок атуу окуясы боюнча 92 адам тергөөдөн күбөө катары өтүшкөн. Алардын айрымдары сотко чакыртылып, “Алай” мейманканасынын алдына депутат Баяман Эркинбаевге нааразылык билдирүү максатында барышкан учурда аларга каршы тараптан ок атылгандыгын айтып өтүштү:

- Бир квартал качып башка жолго чыксак, жарадар болгон балдар машинада келди. Тезинен ооруканага жеткиргиле деди. Аялдардын жини келип, кайра жолго чыктык. Бир баланы “Алай” мейманканасына алып кирип кеткен экен. Эки аял мейманканага карай балабызды чыгарып бергиле деп кетип аткан экен, - деген көрсөтмө берди окуянын күбөсү Гүлнара Салибаева.

“Алай” мейманканасынын жанындагы ок атуу окуясы боюнча айыпталып жаткан төрт жигиттин жактоочусу Максүт Кайыпов сот жараянынын белгилүү учуруна чейин өз аргументтерин айтпай тургандыгын билдирип, интервью берүүдөн баш тартты:

- Себеби соттук териштирүү жаңыдан башталды. Азыр эч нерсе деп айта албайбыз, - дейт соттолуучулардын жактоочусу Максүт Кайыпов.

“Алай” меймаканасынын жанындагы ок атуу окуясы боюнча сот иши буга чейин эки ирет кийинкиге жылдырылган. Анын себептери туралуу ишти карап жаткан Ош шаардык сотунун судьясы Мидин Жолдошалиев буларды билдирди:

- Подпискадагы эки адам жөнүндө тополоң болуп кетип, ошондуктан иш экинчи жолу кийинкиге калтырылган.

Далил каражаттарды көрүү, андагы айрым учурларды тактоо жана күбөөлөрдүн кошумча көрсөтмөлөрүн угуу боюнча сот жараяны 16-сентябрда да улантылмакчы.

XS
SM
MD
LG